Одессага Зеленскийдин сапары учурунда ракеталык чабуул жасалды

Одесса. 2024-жылдын 6-марты.

Украинанын Одесса шаары 6-мартта өлкө президенти Владимир Зеленскийдин Грекиянын премьер-министри Кириакос Мицотакис менен жолугушуусу өтүп жаткан учурда Орусиянын ракеталык чабуулуна кабылды.

Абадан эскертүү саат 10:41де берилгенин, үч мүнөттөн кийин катуу жарылуу болгонун жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Айрым маалымат каражаттары ракета Зеленский турган жерден анча алыс эмес жерге түшкөнүн жазып жатышат. Кээ бир кабарларда «Мицотакис ракета түшкөн жерден 150 метр аралыкта турган» деп билдиришти.

Эки президенттин жолугушуусу пландалган убакта өткөнү, бирок андан кийинки маалымат жыйыны коопсуздук чараларынан улам онлайн форматка белгиленгени маалымдалды.

Зеленский бул ракеталык чабуулдан каза болгондор бар экенин айтты:

«Биз бүгүнкү соккуну көрдүк. Ким менен алышып келатканыбызды көрдүңүздөр. Кимге сокку урат, аларга баары бир. Бардык деталдарын билбейм, бирок каза болгондор жана жараат алгандар бар экени белгилүү. Каза тапкандардын жакындарына көңүл айтам».

Кээ бир маалымат каражаттары ракеталык чабуул Зеленскийдин кортежине жасалганын жазышты.

Өткөн жылдын ноябрь айында Зеленский британиялык The Sun басылмасына согуш башталгандан бери өмүрүнө “кеминде беш-алты жолу” кол салуу болгонун билдирген.

Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылдын 24-февралында кабылган. Согуш ошондон бери уланууда. Орусия бул согушту “атайын аскердик операция” деп атап келет.

2-мартта Одесса дрон чабуулуна кабылган, ондон ашуун адамдын өмүрү кыйылган. (RK)

Дагы караңыз

Бердянск: Орусия дайындаган шайлоо комиссиясынын мүчөсү жарылуудан каза болдуИндиялык жарандар Украинага каршы согушууга мажбурлап жатышканын билдирдиСот Атазовду мандаттан ажыратуу чечимин чыгардыАймактарды алга сүрөгөн айымдар