Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:54

Индиялык жарандар Украинага каршы согушууга мажбурлап жатышканын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Индиянын жети жараны видеокайрылуу жарыялап, аларды Украинадагы согушка Орусия тарапта согушууга мажбурлап жатышканын билдиришти. Видео NDTV каналынын журналисти Ума Судхирдин Х социалдык түйүнүндөгү (мурдагы Twitter) баракчасына жарыяланды.

Эски турак үйлөрдүн биринен тартылган тасмадан аскердик кийимчен жети кишини көрүүгө болот. Алардын бири Орусияга 2023-жылы декабрдын соңунда турист катары барышканын, ал жактан өзүн туристтик агент деп тааныштырган бир киши Беларуска барып келүүнү сунуштаганын, ага макул болушканын айтып берген.

"Бизге виза керек экенин билген эмеспиз. Беларуска жеткенибизде агент бизден акча сурады, ошо бойдон жок болуп кетти", – деди ал.

Беларуска барганда аларды милиция кармап кетип, орусиялыктарга өткөрүп беришкен. Орус бийлигинин өкүлдөрү котормочу бербестен, орус тилиндеги бир нече документке кол койдуруп, аларды 15 күн аскердик машыгуудан өткөрүшкөн жана «согуш жүрүп жаткан жакка» жөнөтүшкөн.

NDTV телеканалынын маалыматына караганда, аларды эгер согушка барбай турган болсо 10 жылга камакка алышарын айтып коркутушкан.

Видеону жарыялаган журналист Судхир аларды «согушка катышууга каалаган убакта жөнөтүп коюшары мүмкүн» деп жазды.

Өткөн айда Индия бийлиги орус армиясынын катарына кошулуп калган 20 чакты жаранын үйүнө кайтарып алуу аракетин көрүп жатканын маалымдаган. (RK)

XS
SM
MD
LG