Тажикстанда иске ууланып дагы бир үй-бүлөдөн үч киши каза болду

Согд облусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда иске ууланып дагы бир үй-бүлөдөн үч киши каза болду. Бул тууралуу бүгүн 6-мартта өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитети билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 5-мартка караган түнү Гиссар аймагындагы Турушбог кыштагында болгон. Комитет элди электр жабдыктарын колдонуудагы коопсуздук техникасынын бардык эрежелерин так сактоого чакырып, андан башка маалымат берген жок.

Бир апта мурда борбор калаа Дүйшөмбүдө бир үй-бүлөдөн алты киши бир түндө каза болгон. Ата-эне жана алардын төрт баласы иске ууланып калганы кабарланган.

Өткөн жылдын 8-декабрында Дүйшөмбүдө бир үй-бүлөнүн үч мүчөсүнүн, арасында бир баланын өмүрү кыйылган.

Күз жана жаз айларында Тажикстанда электр энергиясында чектөө жаралгандыктан көпчүлүк тургундар үйүн меш жагып жылытышат.

Соңку апталарда да электр жарыгы улам өчүп жатканы кабарланууда. Көз каранды эмес булактар тийиштүү мекемелер электрди үнөмдөө максатында атайылап убактылуу өчүрө баштаганын айтса, расмий бийлик өкүлдөрү үнөмдөө эмес, бузулган жерлерди оңдоо жүрүп жатканын билдирүүдө. (RK)

Дагы караңыз

Орусия: Мигранттардын калайман мушташы болду. Рейддер күч алды Сот адвокат Токталиевдин лицензиясына байланыштуу талашка түшүндүрмө бердиГерманияда эки киши "Орусияга дрон тетиктерин жөнөткөн" деп айыпталууда"120 миң сом берип алдандым". Charge fast элди кантип азгырган?