Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:24

Германияда эки киши "Орусияга дрон тетиктерин жөнөткөн" деп айыпталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Германияда немис жана орус жарандыгы бар эки ишкерге «Москвага каршы киргизилген санкцияларга карабастан Орусияга дрон үчүн электрондук деталдарды мыйзамсыз жеткирип турушкан» деген айып тагылды. Бул тууралуу бүгүн 5-мартта Германиянын Федералдык прокуратурасы билдирди.

Прокуратуранын маалыматына караганда, алар Орусиянын аскерлери Украинага каршы чабуулдарында колдонуп жаткан аскердик техниканы, анын ичинде «Орлан-10» учкучсуз учактарын өндүрүүгө зарыл электрондук бөлүктөрдү жөнөтүп турган. Ал бөлүктөр, мекеме билдиргендей, Европа Биримдигинин Орусияга каршы санкцияларына байланыштуу тизмеге кирген.

Ишти сотко өткөрүү маселесин жогорку соттук инстанция аныктайт.

Шектүүлөр 2023-жылдын августунда кармалган.

Орусия 2022-жылдын февраль айында Украинага толук масштабдуу согуш ачкан. Өзү муну «атайын аскердик операция» деп атап келет.

Согуштан улам АКШ жана Евробиримдик Орусияга карата бир катар экономикалык санкцияларын жарыялаган. Бирок алардан тийиштүү натыйжа болбой жатканын талдоочулар белгилөөдө.

АКШнын Каржы министрлиги санкция салынган товарлар Орусия жана Беларустун рыногуна өтүп кетүү тобокелдиги бар деген өлкөлөрдүн тизмесин аныктаган. Мындай өлкөлөрдүн катарына Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен бирге Кыргызстан да киргизилген. (RK)

XS
SM
MD
LG