УКМК Нарында прокуратура жана милиция кызматкерин пара менен кармаганын билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Нарында милициянны тергөөчүсү жана облустук прокуратурасынын кызматкери кылмыш иши боюнча маселени оң жакка чечип берем деп пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирди.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Ири өлчөмдө пара талап кылуу") менен кылмыш иши козголгон.

Маалыматка караганда, тергөөчү 5-март күнү 100 000 сом пара менен кармалган. Ал облустук прокуратура кызматкери менен чогуу кылмыш иши боюнча арыз ээсинин маселесин оң жакка чечип бердим деп пара сураганы аныкталган. Прокуратура кызматкери да кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Шектүү тараптан комментарий боло элек.

УКМК 5-мартта Москва райондук сотунун судьясы жана дагы бир сот кызматкери кылмышка айыпталган адамдын жазасын жеңилдетүүчү чечим үчүн пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Өткөн аптада Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) Кайгуул (Патрулдук) милиция башкармалыгынын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга тиешеси бар инспекторлорун кармаганын жарыялаган.(ZKo)

Дагы караңыз

Сот адвокат Токталиевдин лицензиясына байланыштуу талашка түшүндүрмө бердиГерманияда эки киши "Орусияга дрон тетиктерин жөнөткөн" деп айыпталууда"120 миң сом берип алдандым". Charge fast элди кантип азгырган?Ошто чуулуу кафеде чыккан өрт өчүрүлдүЭлектр жарыгы өчүп жаткан Тажикстанда министрдин орун басары иштен алындыАк үй: Зеленский Батыштан аскерлерин Украинага жөнөтүүнү сураган эмес