УКМК Москва райондук сотунун судьясын пара алууга шек санап кармады

УКМК Москва райондук сотунун судьясын кармады. 5-март, 2024-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) демилгеси менен Башкы прокуратура Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьялары - Д.К.С., К.Э.О., С.А.А. жана B.T.K.га карата кылмыш ишин козгоду. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 342-берене ("Пара алуу"), 343-берене ("Пара талап кылуу") боюнча шек саналууда.

УКМК 6-мартта билдиргендей, козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, Москва райондук сотунун аппарат кызматкерлерин, башка судьяларды соттолуучу адамдардан пара алуу максатында кылмыш ишине тарткан туруктуу коррупциялык схема аныкталган. Бул схема судьялар тарабынан уюштурулган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде Москва райондук сотунун судьясы Б.Т.К. 5-мартта соттун кызматкери К.А.Д. аттуу ортомчудан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим чыгаруу үчүн 1500 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

"Кылмыш чөйрөсүнө аралашкан ар бир адам өзүнүн катышы менен опузалап алынган акчанын белгилүү бир үлүшүнө ээ болгон" деп белгиленген маалыматта.

5-март күнү Соттор кеңешинин чечиминин негизинде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы Б.Т.К. камакка алынып, УКМКнын тергөө абагына камалды. Ал эми ортомчу деген К.А.Д. Жазаларды аткаруу кызматынын №1 тергөө абагына киргизилди.

Учурда Москва райондук сотунун калган судьяларына укуктук баа берүү, ошондой эле ушул сыяктуу кылмыш иштерин аныктоо иштери жүрүп, тергөө уланып жатканы айтылды. Шек саналгандардын жакындары, адвокаттар комментарий бере элек.

Былтыр күзүндө Соттор кеңеши Бишкек шаардык сотунун судьясы Назгүл Илиязованы, Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Нурлан Кенжебаевди жана Тоң райондук сотунун мурдагы судьясы Ниматилла Каримбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Соттордун дарегине сын 20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылынын тургунун мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактагандан кийин күчөгөн. "Зордуктоо" беренеси менен айыпталган шектүүнү Сокулук райондук соту үч жылга пробациялык көзөмөлгө алуу менен эркиндикке чыгарып жибергени белгилүү болгон.

Башкы прокуратура Чүй облустук сотунун үч судьясын "апелляциялык арызды кароону кечиктиргени үчүн үрөй учурган окуя болду" деген жүйө менен кылмыш жоопкерчилигине тартууга сунуш берген. (ZKo)

Дагы караңыз

Бишкектин административдик соту Атазовдун мандатын жокко чыгардыПакистанда жана Ооганстанда туруксуз аба ырайынан 80дей адам каза болдуОрус аскерлери Украинага 42 дрон жана беш ракета менен сокку урду1,5 млн долларды сыртка чыгарууга жол берген аткаминер кармалды"Энесин күткөн балдар томсорду". Ажал тооруган төрөт