Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

1,5 млн долларды сыртка чыгарууга жол берген аткаминер кармалды


Иллюстрация
Иллюстрация

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин жетекчиси Х.Ш.К. кармалганын маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы 6-мартта кабарлагандай, шектүү "Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу" ири эл аралык долбоорун ишке ашырууда аталган департаменттин кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.

Маалыматка ылайык, департаменттин кызматкерлери банкроттук абалда турган жалданма ишкананын чет өлкөдөгү банк эсебине 1 млн 498 миң 200 долларды которушкан. Бул каражат Каракол шаарында жаңы саркынды сууларды тазалоочу жайды курууга Азия өнүктүрүү банкынан алынган насыя акча болгон.

3-март күнү УКМКнын Ысык-Көлдөгү башкармалыгы бул кылмышты жасоого шектүү катары Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин башчысы Х.Ш.К. кармады. Шектүү Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалган адамдын жакындары, адвокаттар комментарий бере элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG