Бишкектин административдик соту Атазовдун мандатын жокко чыгарды

Шайлообек Атазов.

Бишкектин административдик соту 1-мартта 2022-жылдын февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарды.

Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат. Ага ылайык, Бишкектин административдик соту ушул эле округдан 2022-жылы шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевге мандат берүү токтомун чыгарган.

Мыйзам бузууларга байланыштуу Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко Абдурахманхажи Муртазалиев кайрылган. Ал 22-февралда ушундай эле арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, БШК арызды канааттандырган эмес.

Муртазалиев бул чечимге каршы сотко арыз берген.

Шайлоодо баштапкы эсеп боюнча Абдурахманхажи Муртазалиев эң көп добуш алган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы анын каттоосун жокко чыгарып, буга добуш сатып алуу фактысы негиз болгонун билдирген.

Андагы шайлоодо алдыда келген үч талапкер – Шайлообек Атазов, Абдурахманхажи Муртазалиев жана Аскар Алмаз уулу бири-бирин добуш сатып алууга айыптаган.

Бишкектин Свердлов райондук соту былтыр Шайлообек Атазовдун шайлоо кампаниясында иштеген делген эки адамга өкүм чыгарган. Райондук сот 21-декабрда эки кишини (К.А.О. жана М. У.А.) Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, экөөнө тең 100 миң сомдон айып пул салган.

15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал чыккан. Анда алар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго байланышы бар экени жүйө келтирилген.

22-февралда Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өздөрү жазган арыздын негизинде алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

2021-жылы Райымбек Матраимов менен чогуу соттолуп, айып пул төлөгөн Абдыбахаб Боронбаев 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган.

Шайлообек Атазов жакында эле ушул тапта Түркияда дарыланып жатканын, кайра өлкөгө кайтып келерин билдирген.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

Райымбек Матраимов коюлган айып боюнча пикирин билдире элек. Анын кайда экени да белгисиз. (BTo)

Дагы караңыз

1,5 млн долларды сыртка чыгарууга жол берген аткаминер кармалдыПакистанда жана Ооганстанда туруксуз аба ырайынан 80дей адам каза болдуАба ырайы: Жаан, кар жаайт Ибраев электр энергиясына чектөө киргенин билдирдиБала бакчадагы тамак-аш маселеси парламентте кайрадан көтөрүлдүДепутат министрдин майнинг фермалардын иши токтойт деген сөзүн эске салды