Орус аскерлери Украинага 42 дрон жана беш ракета менен сокку урду

Украина. 5-март 2024-жыл.

Орус аскерлери 6-мартка караган түнү Украинага 42 "жанкечти" дрон жана беш ракета менен сокку урду. Бул тууралуу украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирип, 38 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн кошумчалады.

“Азаттыктын” украин редакциясы чабуулга Винница, Днепропетровск, Одесса, Сумы, Харьков, Херсон, Хмельницкий, Черкассы облустары туш болду.

Сумынын жергиликтүү администрациясынын башчысы Владимир Артюх үч объектиге дрон тийгенин, беш киши, анын ичинде бир бала жарадар болгонун маалымдады. Анын айтымында, аскерлер бир дронду атып түшүрдү, бир нечесинин багытын өзгөртүүгө жетишти. Артюх бир дрон оорукананы бутага алганын айтты.

Шаршембиде эртең менен орусиялык МиГ-31К истребители абага көтөрүлгөндө Украинанын аймагында сокку коркунучун эскерткен сиреналар жаңырып турду. Окуялардын андан аркы өнүгүүсү азырынча белгисиз.

Орус аскерлери украинанын жер-жерине түрдүү курал менен сокку уруп келет. Далилдерге, күбөлөрдүн айткандарына карабай Москва жарандык жайларды бутага алганын танууда.

Бир күн мурда Гаагадагы эл аралык кылмыш соту Орусиянын эки жогорку кол башчысына издөө жарыялаган. Алыскы авиациянын командачысы, генерал Сергей Кобалыш жана Кара деңиз флотунун командачысы, адмирал Виктор Соколов жарандык жайларга сокку урганы, карапайым элге өтө көп зыян алып келгени, адамзатка каршы кылмыш жасаганы үчүн айыпталууда.

Дагы караңыз

Бишкектин административдик соту Атазовдун мандатын жокко чыгарды1,5 млн долларды сыртка чыгарууга жол берген аткаминер кармалды"Энесин күткөн балдар томсорду". Ажал тооруган төрөт