Осмоналиев Мамлекеттик тил комиссиянын төрагасы кызматынан кетти

Каныбек Осмоналиев.

Каныбек Осмоналиев президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы кызматынан алынды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Каныбек Осмоналиев ырастап, ага “президенттин демилгеси менен кызматтан алынганын айтышканын” билдирди.

Азырынча бул тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Каныбек Осмоналиев бул кызматка 2022-жылдын май айында дайындалган.

Былтыр 17-июлда президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт.

Мамлекеттик тил комиссиясы 2021-жылы Садыр Жапаровдун буйругу менен президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия болуп түзүлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

АКШнын Жогорку соту Трампка президенттик шайлоого катышууга уруксат бердиСадыр Жапаров Ак калпак күнү менен куттуктады43 мамлекет Навальныйдын өлүмүн көз карандысыз тергөөнү талап кылдыПрезидент соттор актоо чечимдерин көп чыгара баштаганын айттыКыргызстан эркиндик көрсөткүчү төмөндөгөн өлкөлөрдүн катарына кирди