Согд прокуратурасы эки кыздын өлүмүнө байланыштуу ишти кайра тергөөгө кайтарды

Башкы прокуратура. Дүйшөмбү, Тажикстан.

Тажикстандын Согд облустук прокуратурасы Пенжикентте эки кыздын өз жанын кыйганы боюнча ишти кайрадан тергөөгө жөнөттү.

Окуя 2023-жылдын сентябрында болуп, коомчулукта чоң резонанс жараткан. Кыздар эмне себептен мындай кадамга барганы азырынча белгисиз.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги окуядан бир нече күн өткөндөн кийин кыздардын денесинде зордук-зомбулуктун белгилери болбогонун, бирок көпүрөдөн секирүү алдында бири-биринин колун байлашканын билдирген. Согд облусунун прокурору Фуркат Хожазода февралда бул иш боюнча тергөө аяктагандан кийин гана окуянын чоо-жайы ачыктала турганын айткан.

"Облустук прокуратуранын алгачкы чечими жокко чыгарылды. Кылмыш иши кошумча кароого жөнөтүлүп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деди ал.

17 жаштагы эки кыздын сөөгү былтыр сентябрдын аягында соттук-медициналык экспертизадан кийин жерге берилген.

Кыздардын сууга секирген учуру видеокөзөмөл камераларына түшүп калган. Жергиликтүү бийлик окуянын себептери тууралуу эч кандай маалымат берген эмес, кыздардын жакындары үн каткан жок.

Эки кыз тең Пенжикент педагогикалык коллежинин студенти болгон.

Тажикстанда жыл сайын жүздөгөн адамдар, негизинен аялдар жана кыздар өз жанын кыят. Психологдор бул көрүнүштүн себептерин социалдык көйгөйлөр, үй-бүлөдөгү чыр-чатактар, басмырлоо жана репутациялык көйгөйлөр деп атайт.

Дагы караңыз

Райондук сот Мелис Аспековду 7 жылга эркинен ажыраттыКара-Суунун тургуну эки баласы, жээни менен иске ууланып каза болду"Инисин куткарам деп чөгүп кетти". Мурас-Ордодогу эки баланын бөөдө өлүмү Энергетика: Кырдаал курчуп, өкмөт жарыкты үнөмдөөнү эскертти БУУнун Адам укуктары боюнча өкүлү Газада абал курчуса жалпы аймакта оор кырдаал түзүлөрүн эскерттиCharge fast каржылык компаниясынын негиздөөчүлөрү кармалды