АКШ Газага биринчи жолу абадан гуманитардык жардам таштады

АКШнын гуманитардык жардамы учакка жүктөлүп жаткан учур, 1-март 2024-жыл.

АКШнын армиясы үч C-130 учагы менен Газа тилкесине биринчи жолу абадан гуманитардык жардам таштады. Мындай гуманитардык операция 2-мартта Иорданиянын аба күчтөрүнүн көмөгү менен ишке ашырылганын Кошмо Штаттардын куралдуу күчтөрүнүн Башкы командачылыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул учактар Газага баш-аягы 38 миң порциядан турган тамак-аш таштаган. Башкы командачылык соңку гуманитардык операцияны Газага туруктуу түрдө жардам жеткирип туруу аракетинин бир бөлүгү деп сыпаттады.

1-мартта президент Жо Байден АКШ Газага аба аркылуу жардам жеткирүүнү көздөп жатканын айткан.

Кошмо Штаттардын сонку гуманитардык операциясы Газада жардам ташыган жүк ташуучу унаалардын жанында 110дон ашуун палестиналыктын каза тапкандан көп өтпөй ишке ашырылды.

ХАМАС (АКШ менен Европада террордук уюм деп таанылган) 29-февралдагы башаламандык менен коштолгон бул кандуу окуяга Израилдин армиясынын жайкын тургундарга ок атканы себеп болгонун билдирсе, расмий Тель-Авив жергиликтүү тургундардын көбү тебелендиде каза тапканын белгилеп жатат.

ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Газа тараптан Израилдин аймагына ракета атып, жөө согушкерлери тилкеге чектеш айыл-кыштактарга кол салган жана 200дөн көп адамды барымтага алып кеткен. 1200дөн ашуун адамдын өмүрүн алган бул чабуулдан кийин Израилдин армиясы Газадагы операцияларын баштаган.

ХАМАС башкарып келген Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, андан бери тилкеде 30 миңден ашуун адам мерт болуп, 7 миңдейи дайынсыз жоголду, дагы 71 миңдей киши жаракат алды.

Ноябрь айынын соңундагы ок атышпоо режиминин алкагында хамасчылардын барымтасындагы адамдардын бир бөлүгү бошотулган. Андан бери согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

Дагы караңыз

Зеленский Сырскийден "конкреттүү сунуштарды" күтөрүн айттыМектеп директорлорунун сынагы жаңы эреже менен өтөтЭңилчек айылындагы мектеп күйүп кеттиӨткөн жылы 50 миңден ашуун борбор азиялык АКШ чек арасынан өткөнү айтылдыМанжу тилиндеги кыргыздарга тиешелүү 3,5 миңдей архивдик документтер алынды