Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт

Ош шаары кыш мезгилинде. Иллюстрация

4-мартта түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй жана Ош облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт.

Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

Күндүн биринчи жарымында Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүн экинчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүп, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9 суук, күндүз -2…+3;

Суусамыр өрөөнүндө суук түн ичинде -20 градуска жетет, күндүз -6…-11;

Таласта түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1 градус;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түн ичинде -1…-6 градус суук, күндүз +2…+7 жылуу;

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында сутканын караңгы маалында -5…-10 суук, күндуз температура -3…+2.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында кар жаайт, күндүн экинчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы шаардын өзүндө -5…-7 градус суук, күндүз +2 градуска чейин жылыйт.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…-6 суук.

Тоолордо сууктун күчү түн ичинде -19…-24, күндүз -9…-14 градуска жетет.

Борбор шаар Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -5…-7° суук, күндүз + 2 градуска чейин жылышы ыктымал.

2024-жылдын 3-мартына карата Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автожолунун 55-115-чакырымында, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 292-305-чакырымындагы Долон ашуусунда, 353-357-чакырымындагы Кызыл-Бел ашуусунда, Казарман-Ак-Тал-Чат автоунаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарындагы Кара-Гөө, Ийри-Суу тилкелеринде, Каракол-Эңилчек жолунун 45-90 чакырымындагы Чоң-Ашууда кар көчкү түшүп, күрткү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы кыймыл 500 метрден кем болбошу керек.

Дагы караңыз

Мамлекеттик туунун кабыл алынганына 32 жыл толду Трамп Миссуриде жеңишке жеттиКыргызстанда 18 жашка толгондо гана никеге туруу сунушталуудаОдессадагы дрон чабуулунан каза болгондордун саны онго жеттиКыргызстан менен Орусиянын тышкы иштер министрлери Анталияда жолуктуКөкбөрүчүлөр камсыздандыруу полисин ала баштады