Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:19

Кыргызстанда 18 жашка толгондо гана никеге туруу сунушталууда


Кыргызстандагы жаштардын үйлөнүүсү. Каракол шаары, 2013-жылдын 2-августу.
Кыргызстандагы жаштардын үйлөнүүсү. Каракол шаары, 2013-жылдын 2-августу.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 18 жашка толгондон кийин гана никеге турууну караган мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Министрлик маалымдагандай, "Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" долбоор салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсүн жакшыртуу максатында иштелип чыккан.

Долбоордо никеге 18 жашка толгондо гана туруу каралган, башкача айтканда, Үй-бүлө кодексинде буга чейинки каралган нике курагын бир жылга кыскартуу нормасы алынып салынууда.

Учурдагы Үй-бүлө кодексине ылайык нике курагы 18 жаш. Бирок жүйөлүү себептер болгон учурда никеге турууну каалаган жаштардын жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул адамдардын өтүнүчү менен комиссиялык корутунду чыгарып, нике курагын бир жылга төмөндөтүүгө укуктуу.

Бул өз кезегинде жашы жетелек кыздарды эртелеп никеге турууга мажбурлоого алып келип жатканы белгиленип келаткан.

Мындан тышкары мыйзам долбоорунда балдарды асыроого берүү, алимент төлөө, баланы багуу жана тарбиялоодогу ата-энелердин милдеттери, мамлекеттин коргоосундагы балдардын санын алуу сыяктуу иштерди жакшыртуу каралган.

"Долбоордун милдети үй-бүлө институтун өнүктүрүү, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо, коом турмушундагы үй-бүлөнүн ролун жогорулатуу, ата-энелердин жоопкерчилигин арттыруу болуп эсептелет", деп айтылат документтин негиздемесинде.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык эрте куракта никеге турууга мажбурлоо, аны каттоо же ага колдоо көргөзүү кылмыш болуп эсептелет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык Кыргызстанда дээрлик ар бир төртүнчү нике бузулат.

2022-жылы 48,2 миң нике катталып, 12,2 миң ажырашуу катталган. Никеге тургандардын эң көбү 20-29 жаштагылар.

Түзүлгөн никенин баары эле бекем эмес, айыл жеринде 1 000 никеге 211 ажырашуу туура келсе, ал эми шаарда анын саны 1,7 эсеге көп.

2022-жылы кыздар арасында никеге тургандардын орточо орточо курагы 24 жашты, эркектердики 27,9 жашты түзгөн. Бул 2018-жылга салыштырганда аялдардын нике курагы 0,5 жашка, эркектердики 0,7 жашка жогорулаганын билдирет.

XS
SM
MD
LG