Трамп Миссуриде жеңишке жетти

Дональд Трамп

Америка Кошмо Штаттарынын мурдагы президенти Дональд Трамп Миссуриде өткөн Республикалык партиянын шайлоочулар чогулуштарында жеңишке жетишти.

Расмий маалыматтарга ылайык, анын атаандашы Никки Хейлинин тарапкерлери штатта өткөрүлгөн 200дөн ашык жыйындын биринде да жеңишке жеткен эмес.

Трамп ошондой эле республикалык курултайга делегаттарды тандаган Мичиган штатындагы партиялык жыйындын катышуучуларынын 90 пайыздан ашык добушун алган. Буга чейин ал ушул эле штатта праймеризде ишенимдүү жеңишке жеткен.

Трамп буга чейинки праймериздердин баарында жеңишке жетип келатат. Эксперттер "супер шейшемби" деп аталган 5-марттагы дароо 16 жерде өтө турган добуш берүүдө да ал ийгиликке жетет деп боолголоп турушат.

Ошондон улам көптөгөн республикачылар Хейлини бул партиянын атынан талапкер болууга күрөштү токтотууга чакырып жатат. Хейли "супер шейшембини" күтөрүн айткан. Ал акыркы убакта Трампты, анын тышкы саясат боюнча пикирин катуу сындап келатат.

Көпчүлүк сурамжылоолорго ылайык Дональд Трамп 2020-жылдагы шайлоодо утулуп калган азыркы президент Жо Байденден бир аз алдыда келатат.

АКШда президенттикке талапкер шайлоого дароо эле катыша албайт. Ар бир партиянын ичинде да ошол саясий уюмдун атынан талапкер болуш үчүн өз партиялаштарын ички шайлоолордо утуп чыгышы керек.

АКШдагы ар бир төрт жылда өтүүчү президенттик шайлоо быйыл 5-ноябрда болот. Ага адаттагыдай эле демократтар жана республикачылар партиясынан бирден талапкер чыкмакчы. Күрөш АКШнын 45-президенти Дональд Трамп менен азыркы президент Жо Байдендин ортосунда жүрөрү болжолдонууда.

Дагы караңыз

Өткөн жылы 50 миңден ашуун борбор азиялык АКШ чек арасынан өткөнү айтылдыКөкбөрүчүлөр камсыздандыруу полисин ала баштады Кыргызстан менен Орусиянын тышкы иштер министрлери Анталияда жолуктуБишкек шаардык кеңеши аймактык реформа маселесин карайт Манжу тилиндеги кыргыздарга тиешелүү 3,5 миңдей архивдик документтер алынды