Таласта лицей кызматкерлери мыйзамсыз акча которууга шек саналууда

Таластагы лицей.

Таластагы лицейдин кызматкерлери айлыктан сырткары өздөрүнө мыйзамсыз акча которгону аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө лицейдин жооптуу адамдары 2019-2022-жылдары белгиленген айлык акыдан сырткары 1 млн 662 миң 337 сомду айлыкты эсептөө журналына киргизбей, банктык карталарга которуп алганы аныкталган.

Факты боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү үчүн облустук милицияга өткөрүлгөн.

Буга чейин каза болгон адамдарды тизмеге киргизип, айлык акы жаздырып алган учурлар да катталган. (MKt)

Дагы караңыз

Бийликти колдоп жүргөн жаран алдамчылыкка шек саналып кармалдыӨКМ тоолуу райондордо кар көчкү коркунучу бар экенин эскерттиБишкекте талаштуу үйдүн тургундары бир суткадан бери ачка отурганын билдириштиБУУнун башкы катчысы Газадагы соңку чабуул боюнча иликтөө жүргүзүүгө чакырды