Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:54

ӨКМ тоолуу райондордо кар көчкү коркунучу бар экенин эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү болушу ыктымалдыгын эскертти.

Мекеменин маалыматында, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымында, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305 чакырымы (Долон ашуусу), 353-357-чакырымында (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман – Ак-Тал – Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымында (Кара-Гоо, Ийри-Суу тилкеси), Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90- чакырымында кар көчкү түшүшү ыктымал.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керек.

Буга чейин Бишкек-Ош жолунда 20 миң куб метрден ашуун кар түшүрүлгөн.

25-февралда Чехиянын жана Словакиянын 23 жараны эки топко бөлүнүп тоого чаңгы (лыжа) тебүү үчүн чыгышкан. Тоодон 14 адамдан турган топ чаңгы тээп келе жатканда кар көчкү жүрүп, баарын басып калган. Алардын ичинен 10 адам бири-бирин куткарып аман калган. Төрт киши кардын астында калып, каза болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG