Орусияда сот Навальныйдын фамилиясын "экстремисттик" символикаларга теңештирген чечим чыгарды

Алексей Навальный ФБКнын Москвадагы кеңсесинде. Архив, 2018-жыл, 16-январь.

Орусиянын төрт аймагынын соту оппозиция лидери Алексей Навальныйдын атын “экстремисттик” символдорго теңеди.

Бул тууралуу "Первый отдел" укук коргоо долбоору билдирди. Укук коргоочулар администравтик мыйзам бузуулар жөнүндөгү үч токтомго шилтеме кылып жатышат. Кеп Челябинск, Краснодар жана Мурманскидеги Алексей Навальныйды эскерүү акциялары тууралуу болууда.

Соттор акцияга чыккандардын плакаттарында Алексей Навальныйдын аты жазылганы үчүн административдик чара көрүү чечимин чыгарган. Соттор өздөрүнүн токтомдорунда Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөш фонду (ФБК) “экстремисттик уюмдардын” тизмесине киргенин жана Навальныйдын ысымы ал жерде кайра-кайра айтылганына шилтеме жасаган.

"Первый отдел" биримдиги билдиргендей, "мыйзам бузуулардын" жагдайларын баяндоодо маалымат жеткирүүчү Данил Михеевдин "экспертизасы" колдонулган (соттор анын корутундуларын тыюу салынган символдорду көрсөтүү иштеринде бир нече жолу колдонгон).

Долбоордун адвокаттары соттор жаңылышып жатканын белгилешип, "Навальныйдын фамилиясына эч кандай соттун чечими менен тыюу салынган эмес жана тыюу салынышы мүмкүн эмес" экенин айтышкан. Юристтер фамилия үчүн жазалоо практикасы көнүмүш адатка айланып кетиши мүмкүн экенинен кооптонуп турат.

2021-жылы Орусиянын бийлиги оппозициялык саясатчы Алексей Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөшүү фондун "экстремисттик уюм" деп тапкан. Эми "тыюу салынган символдорду көрсөткөнү" үчүн административдик чара көрүлө баштады.

2021-жылдын сентябрында Красноярскиде Навальныйдын жергиликтүү штабынын мурдагы активисти Наталья Петримова Инстаграмдагы билдирүүлөрүндө “N” тамгасын жана кызыл илеп белгилерин колдонгону үчүн экстремисттик символдорду тараткан деп айыпталган. Ошол эле жылдын ноябрь айында сот Петримованы актаган.

  • Навальный каза тапканы 16-февралда белгилүү болгон. Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы ал сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготконун маалымдаган. Сөөгү энеси Людмила Навальнаяга 24-февралда гана берилген.
  • 47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган.
  • Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып барганда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп таанышкан.

Дагы караңыз

ӨКМ тоолуу райондордо кар көчкү коркунучу бар экенин эскерттиБишкекте талаштуу үйдүн тургундары бир суткадан бери ачка отурганын билдириштиБийликти колдоп жүргөн жаран алдамчылыкка шек саналып кармалдыБУУнун башкы катчысы Газадагы соңку чабуул боюнча иликтөө жүргүзүүгө чакырды