Орусия Кытай менен 5G байланыш жана спутник технологиялары тармагындагы кызматташтыгын кеңейтип жатканын бүгүн 1-мартта Британиянын коопсуздук боюнча The Royal United Services Institute (RUSI) аналитикалык борбору билдирди.
Борбордун пикиринде, мындай кызматташтык Орусиянын Украинага каршы аскердик агрессиясына көмөк болот.
5G түйүнүндөгү интеграция «орус армиясынын Украинадагы аскердик аракеттерин жеңилдетери» белгиленди.
Москва менен тыгыз байланыштагы Кытай бийлиги Орусиянын Украинага кол салуусун айыптоодон баш тарткан. Анын Москвага сунуш кылган экономикалык жардамы орус бийлигине Батыштын санкцияларынын басымында калбоого жардам берүүдө. (RK)
Дагы караңыз
Газа: 100дөн ашуун кишинин каны төгүлгөн калаба Навальныйды эскерүү акцияларында кеминде 30 киши кармалдыОрусияда прокуратура журналистти "фейк" маалымат үчүн сегиз жылга соттоону өтүндү "Кышы-жайы дебей Ысык-Көлгө түшөлү"