Мэрия Бишкектеги талаш жараткан имараттын суусун токтотуп, жарыгын өчүрдү

Талаш жараткан имарат. 1-март, 2024-жыл.

1-мартта Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыров Бишкектеги Абды Сүйөркулов көчөсүнүн 16/1 дарегиндеги көп кабаттуу имараттын электр жарыгы өчүрүлүп, суу берүү токтотулганын айтты. Орто-Сай базарынын жанындагы имаратка милиция кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери келди.

Азамат Кадыров жашоочулардын арасынан бир гана үй-бүлө муктаждыгынан улам Чүй проспектиси менен Жусуп Турусбеков көчөсүнүн кесилишиндеги батирлердин бирине жайгаштырыларын, калган тургундар көчүшү керек экенин айтты.

“Комиссия түзүлүп, текшерилген. Бул жакта тургандардын көбүнүн башка мүлкү, көлдө эс алуу жайлары бар. Азыр бул имараттан эл чыгарылып, эшиктери жабылат. Териштирүү иштери бүтмөйүнчө бул жерде жашоого, кирүүгө болбойт. Эмеректерин чыгарып кетүүгө уруксат бар”, - деди ал.

9-февралда талаштуу имаратка Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев баштаган шаар бийлиги келип, жашап жаткан 60тан ашык үй-бүлөгө 1-мартка чейин чыгып кетүүнү эскерткен.

Тургундар батирлерди мыйзамдуу сатып алышканын, башка жакка көчпөй турганын айтышууда.

Былтыр апрелде Жогорку сот бул имараттын жашоочулары менен “Квартал-Строй” компаниясынын келишимдерин мыйзамсыз деп тапкан. “Квартал Строй” ишканасынын директору Асыл Талиповага соода жайын мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Имарат “Нур-Жаннат-ЛТД” компаниясына тиешелүү экени көрсөтүлгөн. Бул ишкана Бишкек мэриясынан коммерциялык муктаждыктар үчүн деп белгиленген 12 сотых жерди 49 жылга ижарага алган. “Нур-Жаннат-ЛТДнын” юристи Нурбек Сабиров буга чейин курулушка чет өлкөлүк инвесторлор 3 миллион доллар салганын, жалданма компания “Квартал-Строй” элге батир кылып сатып жибергенин айткан.

Курулуштун долбоору боюнча 9 кабаттуу имараттын эки кабаты бизнес үчүн, жогорудагы кабаттары жумуш кеңсеси деп пландалган. (BTo/KS)

Дагы караңыз

"Торугарт" жана "Эркечтам" бажы бекеттери күнү-түнү иштөөгө өттүИИМдин кызматкери пара талап кылууга шек саналып кармалды1-мартта Ошто жер титиредиАКШнын санкциясына кабылган кыргызстандык компания жабылуу тууралуу арыз бердиНидерландда соттолгон "Спартактын" оюнчусу БАЭде кармалдыТажикстандын Улуттук альянсы бийликти ЖККУга мүчөлүгүн карап чыгууга чакырдыДепутат Атазов дарылануусу аяктаса өлкөгө кайтып келерин билдирди