Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

1-мартта Ошто жер титиреди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 1-март күнү саат 06:22де Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Силкинүү Ош облусунун Араван районунун Керкидан, Ноокат районунун Найман айылдарында 3 балл болду.

Баштапкы маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

28-февраль күнү саат 19:15те Чүйдүн Кара-Балта шаары, Москва районунун аймагында күчү 3 баллды түзгөн жер титирөө катталган.

Быйыл январь-февраль айларында Кыргызстандын аймагында жер бир нече ирет силкинди.

23-январга караган түнү Кытайдын аймагында күчү 7-8 баллга жеткен силкинүү катталып, анын толкуну Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга чейин жеткен. Алматы шаарында 5 балл, Бишкекте 4 балл, Ташкентте үч балл болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG