ИИМдин кызматкери пара талап кылууга шек саналып кармалды

Ыкчам тергөө иш-чарасы. УКМК тараткан сүрөт.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап пара алуу” беренесине шек саналып Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери (К.М.), жана эки адам (С.У. жана Т.А.) кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алар 29-февралда Аскер прокуратурасы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам тергөө аракеттеринде опузалап пара талап кылган 20 миң доллардын 4 миң долларын алып жатканда колго түшкөн.

Ушул тапта кылмышка тиешеси бар башка жооптуу кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ушундай эле маалыматты УКМК да таратып, “шектүүлөр алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгойбуз” деп коркутуп, жабырлануучунун автоунаасын (“BMW X7”) өзүнө кайтарып берүү үчүн пара талап кылышканын кабарлады.

Кармалгандар атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. ИИМ менен шектүүлөр бул тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

1-мартта Ошто жер титиредиАКШнын санкциясына кабылган кыргызстандык компания жабылуу тууралуу арыз бердиНидерландда соттолгон "Спартактын" оюнчусу БАЭде кармалдыТажикстандын Улуттук альянсы бийликти ЖККУга мүчөлүгүн карап чыгууга чакырдыДепутат Атазов дарылануусу аяктаса өлкөгө кайтып келерин билдирди29-февраль: Талас округундагы шайлоо жокко чыкты, Кыргызстан “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарында калды