Тажикстандын Улуттук альянсы бийликти ЖККУга мүчөлүгүн карап чыгууга чакырды

Тажикстандын аскерлери ЖККУнун машыгуусунда. (архивдик сүрөт)

Тажикстандын чет өлкөлөрдөгү оппозициялык тобу - Улуттук альянсы Армениянын Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгуу чечимин кубаттады.

Альянс тажик өкмөтүн Москва Борбор Азия өлкөлөрүнүн эгемендигин сыйламайынча, Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы жана Орусиянын таасириндеги башка уюмдарга мүчөлүгүн кайра карап чыгууга чакырды.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян France 24 телеканалына берген маегинде Армения ЖККУга мүчөлүгүн токтото турарын билдирген.

Тажик оппозициясы муну “көз карандысыз мамлекет жана улутка татыктуу бийликтин чечими” деп атады.

Тажикстандын Улуттук альянсынын билдирүүсүндө ЖККУ эч качан уюмга мүчө өлкөлөрдүн кызыкчылыгына шайкеш иш алып барбаганы, чөлкөмдөгү өлкөлөр эртеби-кечпи Армения менен бирдей жыйынтыкка келери жазылган.

Тажик оппозициячыларынын пикиринде, Орусиянын көзөмөлүндөгү аскерий альянстар "элдерди басып алуунун, автократиялык жана коррупциялашкан лидерлерди коргоонун куралы" катары иш алып барышат.

Буга чейин Пашинян Тоолуу Карабактагы куралдуу жаңжал маалында эч кандай аракет көрбөгөнү үчүн Москваны кескин сындап келген. Ал ошондой эле "Еревандын коопсуздук жаатында Москвага толук ишенгени стратегиялык ката болгонун, Армениянын ЖККУга мүчө болушу натыйжасыз экенин” айткан.

ЖККУга Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Армения жана Тажикстан мүчө. Уюм 1992-жылы түзүлгөн.

Дагы караңыз

Депутат Атазов дарылануусу аяктаса өлкөгө кайтып келерин билдирди29-февраль: Талас округундагы шайлоо жокко чыкты, Кыргызстан “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарында калды Депутат Икрамов "камоолор менен жакшы иш болбой турганын" айтты Путин Батышты коркутту. Навальный жөнүндө үн катпады IRI: Сурамжылоо Кыргызстанда жумушсуздук негизги көйгөй экенин көрсөттү