Хорезмде мугалим 1-класстын окуучусун сабап жаткан тасма тарады

Иллюстрациялык сүрөт.

Соцтармактарда Өзбекстандын Хорезм облусундагы мектептердин биринде 1-класстын окуучусун сабап жатканы тартылган тасма тарады. Анда мугалим сабак учурунда окуучулардын бирине кол көтөрүп, андан соң башталгыч класстын окуучусун катуу сабаганы тартылган.

Кичинекей кыз партасына отурганда да мугалим аны сабоону токтоткон эмес.

Хорезм облусунун билим берүү башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя Ханка районундагы №36 мектепте болгон. Башкармалык иликтөө иштери жүргүзүп жатканын билдирди. 1-класстын окуучусу 23-февралда сабалган.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бул факты боюнча ички иштер органдары тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүп жатканын, облустук прокуратура кырдаалды көзөмөлгө алганын кабарлады. Жабырлануучунун алган жараатын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза да дайындалды.

Февраль айынын башында Навои шаарындагы №18 мектептин эки окуучусун орус тили жана адабияты мугалими сабак учурунда сабап салган.

Дагы караңыз

29-февраль: Талас округундагы шайлоо жокко чыкты, Кыргызстан “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарында калды Депутат Икрамов "камоолор менен жакшы иш болбой турганын" айтты Икрамов Жээнбековдун кол тийбестиги маселеси боюнча кол топтоо жүрүп жатканын билдирдиПутин Батышты коркутту. Навальный жөнүндө үн катпады IRI: Сурамжылоо Кыргызстанда жумушсуздук негизги көйгөй экенин көрсөттү