Депутат Икрамов "камоолор менен жакшы иш болбой турганын" айтты

Тазабек Икрамов.

Ой-пикирин ачык айтып чыккан адамдарды камоо менен маселе чечилбейт деген пикирин 29-февралда “Азаттыкка” курган маегинде Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов билдирди.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген 11 кызматкердин бир күндө жапырт камалышы, интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу пикирин билдиргендердин камакка алынышы жана Кемпир-Абад маселесине байланыштуу 1,5 жылдан бери камакта отургандар боюнча суроого жооп берип жатып Икрамов “журналисттерди жапырт камоо буга чейин болгон эмес” деп белгиледи жана камоо эмес, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана келишим зарылдыгын айтты:

“Бул коомчулукту сөзсүз түрдө ойлондура турган нерсе. Сүйлөгөн же айткан адамдын баарын эле душман катары көрүп калыш туура эмес. Журналисттер аркылуу же элдер, же азыркы бийликке келген адамдар деле убагында өз ой-пикирин айтып жүргөн да. Ошол эле журналисттер чагылдырып берип турган. Камоолор эч жакшы натыйжа бербей турганын түшүнүш керек. Баарын мактап жаткан адамдар эртең башка нукка түшүп кетиши мүмкүн. “Кемпирабадчылар” боюнча деле, мына, Кемпир-Абад маселеси бүттү, чечилди, алар менен деле бир чечимге келип, сотун эртелетип бүтүрүп, үй камагына чыгарып же, маселени караса болот. Түшүндүрүү, келишим менен чече турган маселелер көп. Камоо менен жакшы иш болбойт деп айтат элем"”.

Тазабек Икрамов “кемпирабадчылар” боюнча пикирин президент Садыр Жапаровдун өзүнө да айтканын кошумчалады.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан отузга жакын белгилүү саясатчы, активист 2022-жылы октябрда өткөн жолугушуусунан кийин кармалып, тергөө абагына камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан.

Милиция ишти Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козгогон, азыр ал Биринчи Май райондук жабык каралууда.

Камактагылар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып жатышат.

Ал эми президент Садыр Жапаров кармалгандарды “төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.

Бир катар ири эл аралык уюмдар, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин бул ишти адилет териштирүүгө чакырышкан.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган. Кийин шаардык сот ал токтомдорду күчүндө калтырган. (AiB)

Дагы караңыз

Путин Батышты коркутту. Навальный жөнүндө үн катпады Икрамов Жээнбековдун кол тийбестиги маселеси боюнча кол топтоо жүрүп жатканын билдирдиIRI: Сурамжылоо Кыргызстанда жумушсуздук негизги көйгөй экенин көрсөттү29-февраль: Талас округундагы шайлоо жокко чыкты, Кыргызстан “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарында калды