Казакстанда 11 жылга кесилген мурдагы министр дагы эки иш боюнча айыптуу деп табылды

Арыстанбек Мухамедиулы.

Казакстанда 11 жылга кесилген мурдагы маданият министри Арыстанбек Мухамедиулы дагы эки иш боюнча айыптуу деп табылды. Бул тууралуу 29-февралда борбор калаа Астана сотунун басма сөз кызматына таянып «Азаттыктын» казак кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мурдагы жетекчи «Дипломат» мейманканасындагы рейдерлик жана «Алтын адамдын дүйнө музейлерин кыдырышы» эл аралык көргөзмөсүн уюштуруудагы жемкорлук үчүн да соттолду.

Жаза мөөнөтү буга чейинки өкүмдөрдүн салмагына жараша кайра эсептелип, ошо бойдон 11 жыл деп калтырылды жана ал мамлекеттик кызматка эч качан дайындала албай турганы белгиленди.

Тергөөчүлөр Мухамедиулы жемкорлукка министр, андан кийин Улуттук музейдин директору болуп турганда барганын, 2017-2019-жылдары кол астындагы кызматкерлер менен алдын ала сүйлөшүп алып эл аралык көргөзмө долбоорун ишке ашырууда 1,5 миллиард теңгенин уурдалышына жол бергенин билдиришти.

2023-жылдын июнь айында ал Улуттук музейдин директору болуп турганда мамлекеттин акчасын эпсиз короткон деген негизде сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Быйыл 13-февралда өзгөчө чоң өлчөмдө пара берүүгө аракет кылган деген айып менен дагы үч жыл кошулган.

Мухамедиулы Казакстандын Маданият жана спорт министрлигин 2014-2019-жылдары, өлкөнү Нурсултан Назарбаев башкарып турган кезде жетектеген. Анын тушунда кино, музей, театр жана спорт тармагында ар кандай талаш-тартыш жаралган. 2016-жылы Мухамедиулыны «сексуалдык шантажга» да айыпташкан. Ал өзү коюлган айыптардын баарын четке каккан.

Арыстанбек Мухамедиулы 2016-жылы министрлик кызматты аркалап турганда кыргызстандык кыздар мекенинде жумуш жок болгондуктан Орусияда даараткана тазалап жүргөнүн, муну жазуучу Чыңгыз Айтматов мурун эле билип, эскерткенин айткан. Анын бул сөзү Кыргызстанда да, Казакстанда да талкууга түшүп, сынга алынган. Казакстандык бир катар коомдук ишмерлер "маданияты жок министрдин айткандары" үчүн кыргыз элинен кечирим сураган. Мындан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанга нааразылык нотасын жолдоп, мурдагы жетекчи кечирим сураган. (RK)

Дагы караңыз

"Жарлыкты аткаруу керек". Бишкектин депутаттары 235ке көбөйдү Орусия жикчил Приднестровьени эмне максатта кармап турат?Өзгөндө жайыт соттун жасалма чечими менен менчиктештирилип кеткени аныкталдыНавальныйдын зыйнаты өтө турган жерде коопсуздук чаралары күчөтүлдү