Театр жамааты жаңы сезонун жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Эрте келген турналар” чыгармасынын негизинде даярдалган спектаклдин премьерасы менен ачты.
Көптөн берки кыялы ишке ашканын айткан актерлор алдыда кызуу иштейбиз деп турушат. Буга чейин “Азаттык” Чүй облустук театры имаратка муктаж экени жөнүндө көрсөтүү даярдаган. "Азаттык" чыгармачыл жамааттын ээ болгон жаңы жайы жана театр түзүмүндөгү өзгөрүүлөр тууралуу кеп кылат.
"Көп жерде көчүп-конуп жүрдүк"
Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын актеру Нурсултан Кадыр уулу жамааты менен жаңы имаратка келгенден бери кубанычы койнуна батпай жүрөт. Ал өзүбүздүн сахна болсо деп эбактан бери эле кыялданып келгенин айтууда:
“Азыркы толкундоо сезимдерибиз бир башкача болуп турат. Мына кечээ премьерабыз өзүбүздүн жаңы сахнабызда болуп өттү. Актер үчүн өзүнүн театры болгону керемет экен да. Буга чейин билесиздер, көп жерлерге көчүп-конуп, ар кайсы театрлардын сахнасында жүрдүк. Алар кээде бошобой калып, арыдан-бери шашып иштөөгө мажбур болчу элек. Айтор көп кыйынчылыктар өттү башыбыздан. Эми буюрса алдыда келечегибиз жарык болот деп турабыз. Сезонубузду “Эрте келген турналар” спектакли менен ачып алдык. Алдыда “Келиндер козголоңу” комедиясын койгону турабыз. Мындан сырткары мурда коюп жүргөн “Шайтандын соту”, “Журт”, “Кара чапан” баштаган спектаклдерибиздин баарын бул жерден кайра тартуулайбыз. Анан жигердүү иштеп, репертуарыбызды дагы да жаңы спектаклдер менен толуктай беребиз”.
“Азаттык” 2022-жылы Чүй облустук театрынын имаратка муктаждыгы тууралуу көрсөтүү даярдаган.
Дагы караңыз
Облустук театр имаратка муктажМындан сырткары театрда эмгектенген жубайлар Нурсултан менен Зульфиянын чыгармачыл дүйнөсү, өп-чап турмушу тууралуу өзүнчө сюжет тарткан.
Дагы караңыз
Өнөрлүү жубайлар театрдан кийин Тик-Токто2023-жылы июль айында мурунку “Октябрь” кинотеатрынын имараты облустук театрга өткөрүп берилген. Кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысына кинотеатрдын, Кинематография департаментинин жана театрдын жетекчилери кол койгон. Айрымдар бул имараттын театрга өткөрүлгөнүн кубаттаса, маданий жай кинотеатр эле бойдон калса болмок деп сындаган шаар тургундары да болгон.
"Актёрлор да оңдоп-түзөөгө көмөктөштүк"
Театрда 10 жылдан бери иштеген Нурсултандын айтымында, театр имаратка ээ болгондон баштап көрүүчүлөргө эшигин ачканга чейин актёрлор да оңдоп-түзөө иштерине кызуу аралашкан:
“Биз да жөн карап тура алган жокпуз. Колубуздан келишинче көмөктөштүк. Сахна жасалгасын усталар жасады. Мурдагы кинотеатрдын имараты эски да. Ошондуктан ичин жууп, тазалап, актачу жерин актадык, сырдадык. Кээ бир бөлмөлөрдү кайра жасап чыктык, эл отурган жайдын алдына бетон төшөдүк. Директорубуз баш болуп кадимки жумушчулардай эле иштедик. Азыр деле калган жумуштарды акырындан бүтүрүп жатабыз”.
Нурсултан мындан эки жыл мурун 7 миң сомдун тегерегинде айлык маяна алып келсе, азыр эмгек акы 12-13 миңге көтөрүлгөнүн айтты. Бирок кымбатчылык кокодон алып турган чакта ал кечкисин кошумча такси жумушунда да жүргөнүн билдирди.
Өкмөттүн убадасы
Театр жамааты жаңы сезонун 27-февралда атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Эрте келген турналар” чыгармасынын негизинде даярдалган спектаклдин премьерасы менен ачты. Маданий саамалыкка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов баш болгон бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, театр сүйүүчүлөрү катышты.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Акылбек Жапаров техникалык базасын чыңдоо үчүн мамлекет театрга колдоо көрсөтөрүн убадалады. Ошону менен катар чыгармачыл жамаатка ийгиликтерди каалады:
“Өткөндөр даңкталмайын тирүүлөр баркталбайт дейт эмеспи. Алгач сөзүмдү ушул театрга аты берилген эл сүйгөн Шаршен агабыз тууралуу баштайын. Ал 1941-жылы эле эмгек сиңирген артист наамын алган. Атактуу куудул алгачкы театр актерлорунун бири эле. Андан сырткары Чүй облустук театрында эл артисттери Болот Бейшеналиев, Орозбек Кутманалиев, Акылбек Абдыкалыков, Гүлайым Каниметова, Марат Алышпаевдер иштеген. Байсалдуу жолду басып өткөн театр көптөгөн спектаклдерди элге тартуулап, нечен залкар таланттарды тарбиялаган жана жалпы журттун жан дүйнөсүн байытууга зор салымын кошкон. Жаңы театрдын имараты чыгармачылык бийиктиктерди багындырууга жаңы дем, жаңы күч-кубат болсун. Жамаатка чоң ийгиликтерди каалайбыз. Бүгүн мына атайын Министрлер кабинети бул жерге келгенден кийин сахнасына айрым техникаларды алып берип, лазердик шоуларды жасаганга мүмкүнчүлүктөрүн дагы кеңейтип берүүгө даярбыз. Бишкек шаарынын мэри мага театрдын грим бөлмөсүн курабыз, уруксат кагаздарын бүтүрүп берем деп жатат”, - деди Акылбек Жапаров.
Шаардын чок ортосунда жайгашкан бул театр имараты мурда кинотеатр болгондуктан, көрүүчүлөрдүн чоң залы болсо да, актерлордун грим бөлүмү жок эле. Дегеле кинотеатрдан драмтеатрга өтүү үчүн маданий жай бир катар өзгөртүүлөргө муктаж болору маалым. Азыр актерлор спектаклдерди үзгүлтүккө учуратпай, театрдын кошумча кирип-чыгуу тарабына убактылуу грим бөлмөсүн жасап алышкан.
"Эми жигердүү иштейли деп турабыз"
Театрдын артисти, көркөм жетекчинин жардамчысы Зульфия Жумалиева өкмөт убадалаган жумуштарды бүтүрүп берсе, алдыда чыгармачыл жамаат ийгиликтерди багындырып, ишенимди актайт деп турат:
“Биздин театрдын ачылышына Акылбек Жапаровдун өзү да келгени артисттердин кубанычына кубаныч кошту. Анткени ал шаар жетекчилерине тапшырма берип, театрга дагы да колдоо көрсөткүлө деди. Буга чейин жок болгон грим бөлмөсүн салып берүүнү убадалады. Мындан сырткары театрдын имаратынын сыртын да жасап беребиз дешти. Ушундай убадалар берилди, эми аткарылышын чыдамсыздык менен күтөбүз. Буга чейин акча бөлүнүп, жарыктандыруу болгон, музыкалык аппараттар алынган. Мамлекет жетекчилеринин бизди дагы да колдойлу дегени кубандырды. Анан, эң башкысы, бизге штат кошулат экен. Директорубуз жаңы эле чогулуш кылып айтты. Ага Акылбек Жапаров 30 штат кошуп берүүнү айтыптыр. Мына азыр ушундай ар бир көз ирмем тарых болуп жатат. Ошону менен катар бул колдоо бизге зор жоопкерчилик да артып жатат. Эми биз да ишенимди актап, жигердүү иштейли деп турабыз”.
Нурсултан менен Зульфия чыгармачыл чөйрөдөн таанышып, баш кошконуна 5 жыл болду. Алар бул арада мигранттык турмушту да башынан кечиришкен. Акыр аягы маянанын аздыгына карабай театрга кайтып келишкенин алар өнөргө болгон сүйүүсүнө байланыштырышат. Нурсултан Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин актерлук бөлүмүн бүтүрсө, Зульфия Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык студияда окуган.
Чыгармачыл жубайлар Зульфия менен Нурсултан эки кичинекей баласын бакчага тапшырып коюп, эртеден кечке чейинки убактысын театрда өткөрүшөт. Бири-бирине жөлөк-таяк болгон чыгармачыл үй-бүлө улуттук театр дүйнөсүнө из салууну кыялданат.
"Штат кошулса, сатириктер менен музыканттар ишке алынат"
Термечиков атындагы облустук театрдын түзүлгөнүнө быйыл 32 жыл болот. Алгачкы жылдары Бишкек шаардык драма театрынын имаратында спектаклдерди коюп жүргөн, бирок ал жерди ээлеп калган эмес. Кийин театр Токмок шаарындагы маданият үйүнө көчүп, бир канча жылдан кийин ал жайдагы ички эрежелердин өзгөргөнүнө байланыштуу кайра борборго кайткан.
Борбордон Аламүдүн райондук маданият үйүндө 5-6 жыл жайгашкандан кийин, толук шарттын жоктугунан ал жактан да чыгып, театр артисттери 8 жылдан бери Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрынын бир бурчун колдонуп келген. Мурунку театр директору, төкмө акын Азамат Болгонбаев Военно-Антоновка айылынан ылайыктуу имарат табылганын, өкмөт каражат жактан колдосо сатып алышарын билдирип жүргөн.
Учурдагы театрдын директору Жумакадыр Курмангалиев учурда маданий жай мындан ары Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры болуп иш жүргүзөрүн, өкмөт убада кылган штаттар көбөйсө, алдыда театрга кандай кызматкерлер алынарын кеп кылды:
“Негизи жобо боюнча театрлардын штаты 109 кишиден 145ке чейин. Биздин өлкөдөгү башка театрларда, облустук театрлардын баарында ушунча каралган. Биз буга чейин ар жерде көчүп-конуп жүргөндүктөн, 44 эле орун болуп келген. Эми бизге дал ушул электрик, сантехник, үн көтөрүүчү аппаратка кишилер керек. Мындан сырткары кароолчу, тазалык кызматкерлери, кийим илгич адамдар, юристтер жок. Бүгүнкү күндүн талабы менен караганда, тендер, СММ кызматкерлери да керек. Андан сырткары биздин театр музыкалык драма жана сатира театры болуп өзгөргөндөн кийин бизге эми куудулдар, музыканттар да керек. Буюрса кечээ Акылбек Жапаров 30 штат беребиз дегендей убада кылды. Ошол ишке ашып калса, 4 сатирик, 4 музыкант алабыз го деп турам”.
Директор Курмангалиев буга чейин облустук театрга мамлекеттен 17 млн 600 миң сомдон ашык каражат которулганын айтты. Бул каражаттар сахнанын оңдоп-түзөө иштерине, жарык берүүчү, үн көтөрүүчү аппаратураларга, көшөгө тиктирүүгө жана башка жасалгаларга сарпталган.
Буга чейин театрдын жылдык бюджети 4 млн сомго жакын экени айтылган. Алдыда штаттар кошулса, бул сумма көбөйтүлүшү мүмкүн. Театрда администрациялык бөлүм, техникалык жасалгалоо, гримдөө жана актёрдук жамааты болуп жалпысынан 43 адам эмгектенет.
Учурда өлкөнүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагында 20дан ашык театр бар.