Kaktus.media "Вечерний Бишкек" басылмасынын доосун төлөө үчүн элден акча чогулта баштады

Kaktus.media маалымат агенттиги сот чечимине ылайык, "Вечерний Бишкек" басылмасына 600 миң сом төлөп берүү үчүн окурмандарынан акча чогултууну (краудфандинг) баштаганын жарыялады.

Маалыматта 21-февралда сот аткаруучулар редакцияга келгени жана сот чечимин аткарууну талап кылганы жазылган.

Редакция сот чечиминде көрсөтүлгөн төгүндөө текстин жарыялоого макулдук берген. Kaktus.media агенттигинин ээси болгон "ПроМедиа Плюс" коомдук фонду 100 миң сомду төгүп, калганын төлөө мөөнөтүн 1-майга чейин жылдырып турууну суранган.

Былтыр 10-ноябрда Жогорку Сот “Вечерний Бишкек” жабык акционердик коомунун Kaktus.media басылмасына каршы доо арызы боюнча чечим чыгарып, журналист Диля Юсупованы 100 миң сом, ал эми басылманын өзүнө 500 миң сом төлөп берүүнү милдеттендирген.

2022-жылы 29-декабрда Kaktus.media сайтына "Вечерний Бишкектин" кызматкерлери гезит 1-январдан тартып жабыларын билдиришти” деген макала жарыяланган.

“Вечерний Бишкек” бул макалада так эмес маалымат келтирилген деген негизде сотко кайрылган жана жалпысынан 50 миллион сомдук доо койгон.

Былтыр майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту макаладагы маалыматты чындыкка дал келбейт деп таануу тууралуу доо арызды жарым-жартылай канааттандырган.

4-сентябрда апелляциялык арыз Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук соттун чечими күчүндө калтырылган. Кийин Жогорку Сотко кассациялык арыз берилген.

“Медиа Полиси Институту” уюму Kaktus.media басылмасына коюлуп жаткан айыптын өзү мыйзамсыз болгондуктан, сотто ал четке кагылышы керек деп эсептей турганын 7-ноябрда маалымдаган. (ZKo)

Дагы караңыз

Freedom House уюмунун баяндамасында Кыргызстан быйыл да “эркин эмес” өлкө аталды24.kg агенттигинин кызматкерлерине кеңсеге кирүүгө уруксат берилбеди Путин Батыш Украинага аскер жөнөтсө кесепети "трагедиялуу" болорун айттыУкраина 73-деңиз борборунун жоокерлери курман болгонун ырастадыГазада гуманитардык жардамга кезекте турган ондогон адам набыт кеткени кабарланды