Навальныйды акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 1-мартта өтөт

Абакта белгисиз жагдайда каза болгон орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйды акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 1-мартта Москванын Марьино районундагы чиркөөдө өтөт.

Бул тууралуу 28-февралда саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш билдирди.

Анын айтымында, маркумдун сөөгү ошол эле күнү шаардын түштүк-чыгышындагы Борисов көрүстөнүнө коюлат.

Навальныйдын каза тапканы 16-февралда белгилүү болгон. Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы ал сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготконун маалымдаган. Сөөгү энеси Людмила Навальнаяга 24-февралда гана берилген. Ал тергөөчүлөр Навальныйдын тажыясын жашыруун өткөрүүнү, болбосо абактын аймагына жерге берип салышарын айтып ультиматум коюшканын билдирген.

Навальныйдын командасы аны акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүүгө жай таппай жатканын Кира Ярмыш 27-февралда кабарлап: "Биз жеке жана мамлекеттик ритуалдык агенттиктердин, коммерциялык аянтчалардын жана аза күтүү залдарынын көбүнө телефон чалып чыктык. Кээ бирлери бош эмеспиз деп жатышат. Кээ бирлери Навальныйдын атын укканда эле баш тартууда. Бир жерде ритуалдык агенттиктерге түздөн-түз тыюу салынганын айтышты", - деп X социалдык түйүнүнө (мурдагы Twitter) жазган.

47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал "экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо" деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Орусиянын жогорку бийлигиндеги жемкорлук тууралуу ачык айтып келген Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке каккан. Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып барганда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп таанышкан.

Дагы караңыз

"Чалбасы кыргыздары" тасмасы Чехияда көрсөтүлүп, талкууланды"Хово" айдагандардын талабы, өкмөттүн токтому, жолдордун абалыПриднестровьедеги жыйын Орусияга "бизди коргогула" деп кайрылдыКыргызстанда миллиондон ашык жаран электрондук кол тамгага ээ болду