Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Приднестровьедеги жыйын Орусияга "бизди коргогула" деп кайрылды


Жыйын 2024-жылдын 28-февралында Тирасполдо өттү.
Жыйын 2024-жылдын 28-февралында Тирасполдо өттү.

Молдовадагы өзүн Приднестровье жумурияты деп атап алган орусиячыл жикчил аймактын борбор шаары Тирасполдо бүгүн 28-февралда өткөн бардык деңгээлдеги жергиликтүү депутаттардын конгрессиндеги талкууну расмий Кишинев айыптап, четке какты.

Аймактын башчысы Вадим Красносельский уюштурган жыйындын соңунда кабыл алынган резолюцияда Молдованын бийлиги Приднестровьеге «кысым кылып жатат» деп айыпталып, Орусиянын парламентине аларды «коргоо чараларын көрүү» өтүнүчү келтирилгенин «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун молдова кызматы жазды.

Жыйында, буга чейин кабарлангандай, Орусияга Приднестровьени өз курамына кабыл алуу тууралуу чакырыктар айтылган жок.

Молдованын президенти Майя Санду Приднестровье маселесин тынч чечүү аракети көрүлүп, аймактын экономикалык интеграциясы боюнча чакан кадамдар жасалып жатканын айткан.

Жергиликтүү оппозиционер саясатчы Геннадий Чорба бүгүнкү жыйында Орусияга кошулуу сунушу ачык айтылары, орус президенти Владимир Путин алардын «өтүнүчүн» кабыл алганын 29-февралда парламентке жылдык кайрылуусунда жарыялай турганы болжолдонуп жатканын социалдык түйүндөр аркылуу билдирген.

Украина, Румыния жана Кара деңиз ортосунда орун алган Молдова көп учурда Москва менен Батыштын таасир талашынын чордонунда болуп келген. Кырдаал Москва Украинага басып киргенден кийин ого бетер курчуду. Анын үстүнө Принденстровьеде орустардын бир миңден ашуун аскердик контингенти жайгашкан.

Молдова Еврошаркетке кошулуу арызын 2022-жылдын мартында тапшырып, ошол эле жылдын июнунда талапкер макамын алган. Украина Приднестровье менен чек арасын жаап койгон. (RK)

XS
SM
MD
LG