Contact акча которуу системасы Тажикстандагы ишин токтотту

Иллюстрациялык сүрөт.

Contact акча которуу системасы Тажикстандагы ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук банкы кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүндө Орусиянын Борбордук банкы 22-февралда Qiwi-банктын лицензиясын чакыртып алганы, буга байланыштуу банктын сервистеринин бири эсептелген Contact акча которуу системасы да ишин убактылуу токтоткону жазылган.

"Борбордук банктын бул чечимине байланыштуу Contact төлөм системасынын иши дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө, анын ичинде Тажикстанда да убактылуу токтотулду", – деп жазылган Улуттук банктын билдирүүсүндө.

Тажикстандык мигранттар арасында популярдуу Contact системасынын ишинин токтогонуна байланыштуу айрым адамдар Орусиядан которулган акчасын ала албай жатканына даттанууда.

Тажикстандын Улуттук банкы Contact системасынын жетекчилиги менен байланышта экенин, учурда жөнөтүлгөн каражаттарга байланыштуу маселени чечүү үстүндө иштеп жатканын билдирди.

Дагы караңыз

“Эсимде”: Чалбасыга сүргүндөлгөн бабалардын эс тутумдун сырдуу бүктөмдөрүндөгү элестери"Хово" айдагандардын талабы, өкмөттүн токтому, жолдордун абалы"Чалбасы кыргыздары" тасмасы Чехияда көрсөтүлүп, талкууландыСотто Адахан Мадумаров сурала баштайтТуманбаев Асман шаарынын курулушу токтоп турган себебин айтып, иш кайра улантыларын билдирди