Чехиянын ордо шаарында “Эсимде” изилдөө тобунун “Чалбасы кыргыздары” даректүү тасмасы көрсөтүлүп, андан кийин жандуу талкуу болду. Анда Кыргызстандагы мурдагы КГБнын архивинин фонддорун маалкатпастан ачуу талабы да айтылды. Тарыхчынын блогу.
“Эсимде” тобу тууралуу алгы сөз.
Кыргызстандагы жарандык жигер менен изилдөөчүнүн демилгесин айкалыштырган заманбап изилдөө жамааты – “Эсимде” изилдөө тобу десек жаңылышпаспыз.
Бул топ архивдик даректерди гана ачыктап тим болбостон, маанилүү видео тасма маектери жана башка мултимедиалык каражаттар аркылуу нечендеген даңазалуу жана карапайым замандаштарыбыздын дил баянын жана өмүрдүк сабактарын өз учурунда чагылдырууда.
Айрым карыя замандаштарыбыз дал ушул “Эсимде” тобуна алгачкы жолу маек курушту, алардын кээлеринин көзү өттү. Демек, алардын тарыхый окуяларга жан киргизген жекече маалыматтары таберик болуп жалпы коомчулуктун эстутумунда сакталып калмакчы.
Тарыхчы Элмира Ногойбаева жетектеген, Гүлзат Алагөз сыяктуу шакирттери, дасыккан тарыхчылар Аида Кубатова, Гүлзада Абдалиева, Болотбек Абдыракманов жана башкалар ырааттуу колдоп жаткан бул “Эсимде” тобуна улам жаңы жаш изилдөөчүлөр ыктыярчы катары кол кабыш кылып жатышат. Демек, жаш муундар ойгонууда.
Чагымда, бул изилдөө тобунун аталышы – “Эсимде” – атына заты куюлушуп келишкен сөз болду.
Ылайым ата-бабалардын баскан жолдорунун оош-кыйыш жактары эстутумубузда ар кыл түстө кубулжуп сактала берсин!
Прагадагы тарых кечеси
Чехиянын байтактысы Прага шаарында орус тилдүү калайык үчүн “Майнабы болот” (“Будет толк”) деген кызыктуу аталыштагы коомдук талкуу клубу иш алып барууда.
Айтмакчы, алардын талкуусу “Эсимде” долбоору Кыргызстандын булуң-бурчунда жүргүзүп жаткан коомдук талкууларга окшоп кетет экен.
“Майнабы болот” (“Будет толк”) клубу 2024-жылдын 27-февралында кечкурун Прага шаарынын чордонундагы “Лангханс – Муктаждыктар борбору жана кафеси” (“Langhans – Centrum a Kavárna Člověka v tísni”) аттуу жайда “Эсимде” долбоорунун жетекчиси Элмира Ногойбаева айымдын катышуусу менен "Сталиндик депортациялар: Украинага сүргүнгө айдалган кыргыздардын тарыхы” деген темада талкуу уюштурду.
(Мындагы “Лангханс” сөзү Чехияда байырлаган немистердин ысымынан алынса керек, деп жоромолдодум эле, алиги кафенин өкүлү да мага ушул пикирди тастыктады. Ханс (Ганс) ысымын мурдатан билебиз, “ланг” сөзү немисче “узун бойлуу”, “эңгезер” деген маанини берет. Кантсе да, чех коомунда бир нече кылымдардын ичинде чехтешкен немистер арбын болгон эмеспи. Далай чехтер деле немис ысымдарын колдонууну өөн көргөн эмес.
Ал эми Чехиянын маданий тарыхында Ян Непомук Лангханс (Jan Nepomuk Langhans; 1851 – 1928) тарыхый инсандардын фото сүрөтүн тартуу жаатында көөнөргүс из калтырган ишмер жан ишкер болгон.
Анын “J.F.Langhans” деген компаниясына таандык фото студиялар Чехиянын Прага, Плзен, Чешске Будойовице, Градец Кралове, Марианске Лазне сыяктуу бир нече шаарында иштеп турган. 1919-жылы анын студиялары күйөө баласы Виктор Мейснерге өткөн. 1951-жылы Чехословакиянын коммунисттери Ланханс компаниясынын мүлкүн тартып алган, бирок 1991-жылы бул мүлк Ян Непомук Лангханстын жээн урпактарына кайтарылып берилген.
Прага шаарынын чордондук бөлүгүндө жайгашкан Лангханс атындагы кафе азыркы тапта адам укуктары жаатындагы ар кыл айдыңдык кечелердин жана башка коомдук иш-чаралардын ордосуна айланды).
Талкууга чехиялык, кыргызстандык, украиналык жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү жандуу катышты.
Оболу жыйынды коомдук ишмер Эржэн Эрдэни айым ачты да, катышуучуларды “Эсимде” тобу даярдаган даректүү тасманы көрүүгө чакырды.
Алгач 2023-жылы жарыяланган “Чалбасы кыргыздары” даректүү тасмасы “Эсимде” изилдөө тобунун ар тараптуу изилдөөлөрүнүн негизинде тартылган. Даректүү тасманын режиссёру – Талант Акынбеков мырза.
Тасма. "Чалбасы кыргыздары". “Эсимде” тобу. 05.7.2023.
“Эсимде” тобунун өкүлдөрү Э.Ногойбаева, Г.Алагөз жана башкалар 2021-жылы эгемен Украинада – Херсон аймагындагы мурдагы Чалбасы (Виноградово) кыштагында жана башка жерлерде, ошондой эле Одесса жана Киев шаарларында болушту.
Алар Владимир Путиндин Орусиядагы режими Украинага каршы 2014-жылдан бери жүргүзүп жаткан баскынчыл согуштун 2022-жылы кеңири өлчөмдө уланта башташына чейинки убакта Херсон аймагын ээн-эркин кыдырып калышкандыгы, менимче, кыргыз таануу илими үчүн деле зор утуш болгон экен.
Даректүү тасмада бөтөн жерде сүргүндү жана каргашалуу жылдардын түйшүгүн өз көзү менен көргөндөрдүн же алардын урпактарынын жекече эскерүүлөрү, баяндары, алар сары майдай сактап жүргөн архивдик сүрөттөр, коомдук ишмерлердин, журналист жана илимпоздордун олуттуу маалыматтары кыргыз жана орус тилдеринде берилип, айтылган же жазылган сөздөрдүн англисче котормосу да субтитр аркылуу жабдылган.
Тасма жана тарыхый кезең
Украиналык калемгер Александра Васильевна Кравченко айым “Чалбасы кыргыздары” (“Чалбаские киргизы”) деген аталышта китеп жарыялаганы да тасмада аны менен маекке эриш-аркак көрсөтүлөт. (Тасмада 26.05 мүнөттөн).
В.В.Кравченко айым өзү Чалбасы кыштагында кыргыз балдар менен бирге чоңойгон экен. Анын Украинадагы “Коомдук радионун” (“Громадське радио”) кабарчысы Григорий Пырликке маалымдашынча (17.4.2020), жергиликтүү тургундардын күтүүсүздөн сүргүнгө келген кошуналарына адамгерчиликтүү мамиле жасашкан.
Бул кыштак азыркы тапта эгемен Украинанын Херсон облусуна караштуу Алёшковский районундагы Виноградово кыштагы (украинче “Виноградове”) деп аталат.
Кыштакта 2001-жылга карата 4636 тургун жашаган. Почтоо индекси — 75145.
85 жаштагы Александра Васильевна Кравченко Г.Пырликке бала бакчада кезинен эле кыргыз тилинде ырлар ырдап калгандыгын, жылкы этинен жасалган чучукту өмүр бою жакшы көрүп келээрин саймедирлеп айтып берген.
Кайдыгерлик кылбастан, А.Кравченко эне өз кыштагына сүргүнгө айдалып келген кыргыздар тууралуу сүрөттөр жана архивдик материалдар чогулткан жана атайын китеп жазган. Бул чоң энеге миң мертебе алкыш айткыбыз келет.
Эстелик таш да орнотулган
2012-жылдын май айынан 2015-жылдын 18-декабрына чейин Кыргызстандын Украинадагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси болгон саясат таануучу Улукбек Чыналиев мырза Чалбасы кыргыздарынын элесин эскерип, аймактагы эки башка жерде атайын эстелик таш жана такта тургуздурган.
Ал эми даректүү тасмада кыска маеги камтылган журналист Амирбек Азам уулу Усманов мырза Херсондогу сүргүндөлгөн кыргыздар тууралуу алгачкылардан болуп иликтеп, алар жөнүндө “Азаттык” үналгысында бир нече ирет чагылдырган.
Тасма. Чалбасы кыштагындагы кыргыз көрүстөнүнүн орду. А.Усманов. 2013.
Амирбек Азам уулу Усманов даңазалуу дирижёр Асанкан Жумакматовдун (1923–2008) тагдырына кайрылып, ал дагы Украинанын Скадовский районундагы Чалбасы кыштагына сүргүнгө айдалганын эскерген.
Кеңеш бийлиги Асанкандын атасы, Чүйдөгү Ысык-Ата жергесинен болгон Жумакмат Чал уулун 1928-жылы Шиберге сүргүнгө айдаган жана анын качан жана кайсы жерде өлгөндүгү белгисиз калган. Жумакматтын ортончу уулу Намасхан 1939-жылы Кызыл армияга чакырылып, эки жылдан кийин кан майданда курман болот. Улуу уулу Муратхан да 1943-жылы Украинаны бошотуу үчүн салгылашуулар маалында окко учат.
Ал эми Жумакматтын кичүү уулу Асанкан 1938-жылы Бишкекке кайтып келген. Ал 1941-жылы Экинчи дүйнөлүк согушка өз ыктыяры менен кеткен. Согушта оор жаракат алып, 1944-жылы аскерден кайтып келген.
Ал СССРдин эл артисти (1976), Кыргыз Республикасынын Баатыры (2003) наамдарына ээ болгон. Бирок анын бала чакта Украинада сүргүндө болгондугу совет доорунда ачык жазылчу эмес.
Ал эми 2022-жылдан бери бул кыштак орусиялык баскынчылардын убактылуу башкаруусу алдында кала берип жаткандыгын жана мындагы кыргыздарга арналган эстелик таштын соңку жагдайы белгисиз экендигин Прагадагы коомдук талкуу маалында херсондук бир украин айым каңырыгы түтөп айтты.
Айрым инсандардын тагдырлары
“Эсимде” тобунун тасмасында 1931-жылы Украинанын Херсон аймагындагы Чалбасы кыштагында туулган Дакен Акматовдун да эскерүүсү камтылган. Анын ар бир сөзүнүн котормосун залдагылар дыкаттык менен окуп атышты.
Дакен ата “кыштакта шамал болсо гана иштеген жел тегирмен бар болчу”, деп тасмадагы маегинде эскерди (тасмада 18.29 мүнөттө). (Интернеттеги ачык маалыматка караганда, Виноградово кыштагындагы бул жел тегирмен 2000-жылы гана кокустуктун айынан өрттөлүп кеткен).
Дакен Акматовдун атасы Акмат Молтоев 1895-жылы Ысык-Көл өрөөнүндө туулган. Аны “кулак, 1917–1928-жылдары Кытайга мыйзамсыз өтүп жүргөн аткезчи (контарбандачы), басмачылык кыймылынын катышуучусу жана басмачылардын тыңчысы” катары жазыксыз жерден айыпташып, ал дагы 1930-жж. Чалбасы кыштагына сүргүнгө келген.
Архивдик даректерге караганда, СССР Ички иштер эл комиссариатынын Украинадагы Николаев облусуна караштуу “үчилтиги” 1938-жылы 3-апрелдеги отурумунда Акмат Молтоевди атууга кескен.
Тек гана тактоо үчүн кошумчалаарыбыз: Дакен Акматов аксакал “Эсимде” тобунун даректүү тасмасында “сүргүнгө Жамгырчиев да айдалган” деп бир жерде айта кетти.
Чындыгында, болочокку академик жана тарых илимдеринин доктору, ал кезде жаш тарых мугалими Бегимаалы Жамгырчинов 1938–1939-жылдары Чалбасы кыштагына сүргүнгө айдалган эмес, тескерисинче, чалбасылыктардын өтүнүчү менен алардын балдарын окутуу үчүн Кыргыз ССРинен мектеп мугалими катары атайын жөнөтүлгөн.
Албетте, Д.Акматовдун сөзүнүн бир кыйыр чындыгы бар: ошол кезде, 1938-жылы, жаш адис Б.Жамгырчиновду Украинага аттандырышканда, бир чети, аны “жылма сүргүнгө” (тымызын гана “кооптуу аймакка” жөнөтүү аркылуу) айдашканы деле чын.
Бирок Б.Жамгырчиновго байланыштуу эч бир расмий документте “сүргүн” сөзү айтылбайт: ал Украина ССРинин Одесса облусуна караштуу Скадовский районундагы Чалбасы кыштагындагы мурдагы бай-манаптардын балдарын окутуу үчүн жөнөтүлгөн, делет.
Херсонго айдалган кыргыздардын бир катары 1937–38-жылдары экинчи ирет сталиндик репрессияга кабылгандыгын Дакен Акматов, Аида Кубатова, Амирбек Азам уулу Усманов жана башкалар белгилешет.
Эптеп жан сактап, жаңы жерге көнө баштаган кыргыздардын антисоветтик көтөрүлүш уюштуруу далаалатын ойлоонун өзү “акылга сыйгыс” (“абсурд”) болчу, – дейт Аида Кубатова (тасмада 30.42 мүнөт).
Кыргызстандан Украинанын Херсон аймагына сүргүнгө айдалгандардын урпактарынын бири – коомдук ишмер Мира Жангарачева бул даректүү тасмада өз чоң атасы Сатаркул Дыйканбай уулу Жангарачев (ал кыргыз “алашчыларынан” болгон) советтик Украинада 1938-жылы эле атууга кеткендигин эгемен Украинадан 1998-жылы гана маалымдашкандыгын айтып берген.
Украинанын Херсон облусунун прокуратурасы 1998-жылдын 23-ноябрында Камил Жангарачевге (Мира айымдын атасына) жолдогон кат “Эсимде” тобунун даректүү тасмасынын 33.10 мүнөтүндө көрсөтүлөт.
Катта Сатаркул Дыйканбай уулу Жангарачев 1888-жылы Кыргызстанда туулгандыгы, ал эми 1938-жылы 12-февралда НКВДчылардын Скадовск райондук бөлүмү тарабынан камакка алынгандыгы, каргашалуу “үчилтик” (“тройка”) Сатаркул Жангарачевди 1938-жылы 3-апрелде атууга кескендиги жана ошол эле жылы 26-майда бул өкүм жүзөгө ашырылгандыгы гана маалымдалбастан, ошондой эле 1970-жылы 27-августта Украина ССРинин Херсон облустук сотунун президиумунун №V-33-37 токтомуна ылайык мурдагы “үчилтиктин” 1938-жылдын 3-апрелиндеги токтому жокко чыгарылгандыгы жана Сатаркул Жангарачевдин кылмыш иши курамында кылмыштуулук жок болгондугуна байланыштуу токтотулгандыгы жөнүндө да баяндалган.
1998-жылдагы катка Украина ССРинин Херсон облустук мамлекеттик архивинин деректири В.В.Карпова менен архивчи О.Г.Сак кол коюшкан экен.
Башка бир супсак архивдик документте Сатаркул Жангарачев 1938-жылы 26-май күнү саат 24:00тө атуу жолу менен өлүм жазасына тартылгандыгы айтылган (тасмада 34.14 мүнөт).
Ал эми Сатаркул Жангарачевдин урпактары аны 1998-жылга чейин Советтер Биримдигинин кайсы бир жагында тирүү жүрсө керек деп үмүт кылышкан жана алардын өздөрү Совет доорунда (маркум акталган 1970-жылдан кийин деле) “эл душманынын урпагы” катары кыйла убакыт бою чүнчүп келишкен.
М.К.Жангарачева 1974-жылы КМУнун (азыркы КУУнун) тарых факултетин аяктаган, кийин Маскөө мамлекеттик университетинде аспирантурада окуп, философия илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган.
Белгилүү коомдук ишмер Мира Жангарачева постсоветтик Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз Өкмөтүнүн вице-премьери, эмгек жана социалдык коргоо министри сыяктуу кызматтарды да аркалаган.
Ошол 1998-жылы катты жаңы окуп, ачуусу келип, тоталитардык системанын жазалоочуларына карата “Акмактар!” (“Сволочи!”) деген сөздү айткандыгын бул даректүү тасмада М.Жангарачева өзү кайталайт (33.47).
1940-жылы Кыргызстанга кайтып келген Камил Жангарачев болсо: “Эми мен мындан ары эл душманынын баласы эмесмин!” – деп айтып, ыйлап жиберген экен (тасмада 34.25).
Ата-бабасынын абакта болгондугунун өзү эле далай жарандардын тагдырына оор из калтыргандыгын ошол эле Чалбасы кыштагына Кыргызстандан айдалып барган орус тегиндеги кишинин – Кузьма Коробовдун бир урпагы 2013-жылы айткандыгы эсте.
Херсон улуттук техникалык университетинин доценти, философия жана социология кафедрасынын башчысы, илим кандидаты Владимир Кузьмич Коробов 1981-жылы өзүн ВЛКСМ Борбордук Комитетине (Маскөөгө) кызматка алаарда акыркы мөөнөттө анын талапкерлигинен баш тартып коюшкандыгын “Азаттыктын” ошол кездеги кабарчысы А.Азам уулу Усмановго айтып берген болчу.
“Эсимде” тобунун тасмасында Кыргызстандагы украиндер менен беларустардын маданий таламдарын жактаган айтылуу “Берегиня” коомдук бирикмесинин жетекчиси Володимир (Владимир) Нарозя мырза дагы кызыктуу маалыматтары менен бөлүшөт.
Маселен, В.Нарозянын айтымында, Херсондогу жана Чалбасы кыштагындагы украин тургундар 1930-жылдардын башында бозгун кыргыздардын тобун жакшы тосуп алышкан, анткени алардын өздөрүнүн да жакындары ошол эле алааматтуу мезгилде сталинчилер тарабынан Украинадан Шиберге жана Борбордук Азияга сүргүнгө айдалышкан болчу.
Ал эми заманбап кыргыз тарыхчысы, тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова бул даректүү тасмада Украина менен Орусиянын Орунбор (Оренбург) аймактарына жазыксыз жерден сүргүнгө айдалган кыргыздар, жалпы сталиндик саясий репрессия баскычтары жаатында башка да өзгөчө маанилүү маалыматтарды ортого салат.
Аида Кубатова айым сөз арасында өзүнүн чоң кайнатасы Ниязалы Ашыровдун азаптуу тагдыры тууралуу 2013-жылы гана тарыхчы Зухра Алтымышованын илимий макаласындагы документтерден алгач окуп үйрөнгөнүн айтып берди (тасмада 18.43 мүнөттөн).
Архивдик документтерде 1885-жылы Чүйдүн Ак-Суу аймагында туулган жана Чалбасы кыштагына айдалган Ниязалы атанын ысымы “Миязалы Аширов” деп деле жазыла берген.
Анын социалдык теги ыңкылапка чейин дыйкан (“из крестьян”), ыңкылаптан кийин “кулак” деп жазылган. Анын Жумагүл жана Дилде деген жубайлары, Урупия деген кызы, Бейсе (Бейше) жана Кубат (Куват) деген эки уулу болгон. (Тасмада 19.26 мүнөттө).
Талкуу кызыктуу өттү
Даректүү тасма көрсөтүлүп бүткөн соң, Прагадагы кеченин катышуучулары талкууга өзгөчө жандуу катышты.
Алар “Эсимде” изилдөө аянтчасынын негиздөөчүсү Элмира Ногойбаевага ар тараптуу суроолор узатышып, ара-чолодо өздөрүнүн ойлору менен да бөлүшүп жатышты.
Элмира Ногойбаева сөзүнүн арасында “Азаттык” үналгысы дагы мурда элден жашырылып келген тарыхый факттарды жайылтуу жаатында орчун иш-аракет жүргүзүп жаткандыгын баса белгилеп кетти.
Чындыгында, “депортация” сөзү мурдагы Советтер Биримдигинин көп этностуу калкы үчүн бейтааныш эмес.
Быйыл 23-февралда чечендер менен ингуштардын Борбор Азияга күчтөп депортацияланганынан бери 80 жыл толду.
Батыш Украинадагы далай украиндер, Кырым жарым аралындагы кырым татарлар, гректер, Эдил боюндагы немистер, Түндүк Кавказдагы далай элдер, Грузиядагы ахыска (мцхетилик) түрктөр, Ыраакы Чыгыштагы корейлер, деги койчу, канчалаган этностордун өкүлдөрү жазыксыз жерден өздөрү үчүн чоочун аймактарга мал жана товар жүктөлчү поюздарга салынып, жапырт сүргүнгө айдалышкандыгы жөнүндө коомдук талкуу маалында арбын сөз болду.
Айрым учурларда СССРдеги чакан этносторду кысымга алуу расачыл мүнөздү алгандыгы да белгиленди.
Сөз арасында мен КМУнун (азыркы КУУнун) доценти, тарых илимдеринин кандидаты, өзүмдүн сүйүктүү эжейим Сейне Сырдыбай кызы Искенова (украинче ысымы Ксения Мороз) жөнүндө да эскере кеттим.
Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Украинадан Кыргызстанга көчүрүлгөн бул жетим украин кызын кийинки кыргыз атасы асырап, бөпөлөп өстүргөн. Маркум Сейне эжеке кыргызча суудай сүйлөчү жана украин жана орус тилдерин дээрлик унутуп калып, кийин гана кайра үйрөнгөн.
Талкуу маалында украин-кыргыз достугу тууралуу башка да сөздөр айтылды.
Мени канааттандыргандыгы – кечеге катышып жаткан чет өлкөлүктөр постосветтик Кыргызстанда дагы тарыхтын актай барактарын ачуу үчүн айдыңдык жана жарандык демилгелер жүзөгө ашырылып жаткандыгын “Эсимде” тобунун даректүү тасмасынын мисалында дурус аңдашкандыгы болду.
Архивдерди ачуу талабы
Албетте, азыркы көйгөйлөр да ачык айтылды. Маселен, Балтика боюнда, Германияда жана Украинада эски коммунисттик жашыруун архивдер толук ачылган соң, бул өлкөлөрдүн коомдорунда тарыхка калыс кароо сезими ого бетер чыңдалды.
Изилдөөчү Элмира Ногойбаеванын калыс белгилешинче, бул өлкөлөрдүн жарандык коомдорунда мурда кетирилген тарыхый ката үчүн өкүнүп-тобо кылуу (“покаяние”) сезими коомдук аң-сезимдеги жаңыланууга башат ачты.
Биз да ушул ойду толук колдойбуз.
2000-жылдардын ичинде ар кыл учурларда акаевчил, бакиевчил, отунбаевачыл, атамбаевчил, жээнбековчул, жапаровчул болуп жиктелип жүргөн далай саясатчылар 2024-жылга карата коюн-колтук алышып, тынч эле жүрүшөт.
Айрымдары кудалашып да кетишти. Күн тийген жердин “күкүктөрү” да көп. Кечээ өзүн демократ санаган, бүгүн авторитардык бийликти жактаган инсандар да кезигет. Саясат менен иши жоктор канча!..
Бул жагдай – демократияга жана сабырдуулукка умтулган коомдогу кадыресе көрүнүш. Муну эч кандай келекелеп жаткан жокмун.
Айтаар оюм башка. XXI кылымдын башында "баррикаданын" ар башка тараптарында жүрүп калган мурдагы жана азыркы төбөлдөр өз ара “тытышпастан” тынч эле жүрүшкөн чакта, мындан 100 – 70 жылдар илгерки архивдик маалыматтар ачылса эле, аларды окуй калып, дароо чачташа кетчү эссиздер деле заманбап кыргыз коомунда жок болсо керек, деп ойлойм.
Мурдагы Советтер Биримдигинин Иосиф Сталин, Никита Хрущев сыяктуу башчыларынын далай урпактары Батышта баш паана таап жашап келишкендигин эми ачык айта баштадык.
Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри, демократ саналган Тони Блэр мырза 2011-жылы авторитардык режим орнотуп алган мурдагы казак президенти Нурсултан Назарбаевдин кеңешчилер тобун жетектеп калды деен кабар жадыбыздан деле чыга элек.
Демек, башка коомдордо деле кызыктуу окуялар болуп келди.
Албетте, мурдагы жашыруун советтик архив фонддорун толук ачуу керек. Бул жаатта Э.Ногойбаеванын тобунун жана башка архив таануучулардын тилек-мүдөөсүн толук колдойм.
Айтор, Прагадагы кечеде катышкандардын бардыгы “Эсимде” илимий изилдөө жана агартуу тобунун ар тааптуу ишмердигине тилектештик ойлорун билдиришти. Биз да алардын тилектештигине кошулабыз.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.