Меккеге кирүү эрежесин бузган зыяратчылар үчүн жаза катаалдады

Иллюстрациялык сүрөт

Сауд Арабиясы Меккеге кирүү эрежесин бузган зыяратчылар ири өлчөмдө айып пул төлөп, камакка алынышы мүмкүн экенин эскертти.

Сауд Арабиясынын Ажылык жана умра министрлиги башка өлкөнүн жарандары 2024-жылкы ажылыкка уруксатсыз катышса, эки айдан алты айга чейин абакка кесилип, 50 миң риалга (13 330 доллар) чейин айып пул төлөшөрүн билдирди. Мыйзам бузган чет элдик жарандар депортация болот жана 10 жылга өлкөгө кирүүгө тыюу салынат.

Ал ортодо Сауд Арабиясынын прокуратурасы зыяратчыларга “мыйзамсыз каржылык жардам көрсөтүү” иштерине барбоону эскертти.

Көзөмөл органдын билдирүүсүнө ылайык, эреже бузгандарды жети жылга эркинен ажыратуу жана 5 миллион риалга чейин айып салуу сыяктуу катуу жазалар күтүп турат.

Сауд Арабиясы буга чейин ажылыкка уруксатсыз катышкандарга айып пул салып, абакка кесип келген, бирок мурда жазалар жаңы мыйзамга караганда бир топ жеңил болчу.

Сауд Арабиясы 2024-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Былтыр 6110 кишилик квота берилген.

Ажылык – ислам дининдеги негизги беш парздын бири. Бул учурда дүйнөнүн булуң-бурчунан мусулмандар Сауд Арабиясынын Мекке жана Медина шаарларына зыяратка барат. Быйыл ажылык 14-19-июнь күндөрү аткарылат.

Дагы караңыз

Кыргыз улусу: Жарынак ысымы туурабы, же Эренак, Иренек, Еренакпы?Украинадагы согуш Борбор Азияда сооданы жана саясий өнөктөштүктү сынады "1000 доллар алдаткан". Телефон шылуундары президенттин да үнүн жасашат "Оор учурда Украинаны таштап кете алган жокмун"