Зеленский иш сапар менен Сауд Арабиясына барды

Владимир Зеленский Сауд Арабиясында.

Украин президенти Владимир Зеленский бүгүн 27-февралда Сауд Арабиясына иш сапар менен барды. Ал X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүндөгү баракчасына бул өлкөнүн мураскор канзадасы Мухаммед бин Салман менен сүйлөшүү жүргүзөрүн жазды.

Согушта туткунга түшкөн украин аскерлерин бошотуу маселеси талкууланарын айткан президент "Падышачылыктын жетекчилиги биздин адамдардын бошотулушуна өз салымын кошуп келе жатат. Бул жолугушуубуз да жыйынтыгын берет деп ишенем», - деп белгиледи.

Расмий Эр-Рияд Украинанын Орусиянын колуна түшкөн туткундарын бошотууга ортомчу болуп, натыйжада былтыр сентябрь айында бир топ аскер туткуну Украинага өткөрүлүп берилген.

Зеленский былтыр август айында Жидда шаарында айтылган Украинанын тынчтык формуласы да талкууланарын кошумчалады.

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салып, аны «атайын аскердик операция» деп атаган. (RK)

Дагы караңыз

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов үчүнчү ирет Азия чемпиону болду"Кремль Навальныйды киллерге алмашмак" Жыргалаң: үч чехиялык, бир словакиялык туристтин өмүрүн алган көчкүИранда абакта отурган рэп аткаруучу сот бийлигине кайрылды