Ооганстанда шал оорусуна каршы эмдөө өнөктүгү башталды

Ооганстан. 2023-жылдын август айы.

Ооганстандын аймагында бүгүн 26-февралда шал оорусуна каршы (полиомиелит) эмдөө боюнча жапырт өнөктүк башталды. Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 34 провинциянын 26сында беш жашка чейинки курактагы 7,6 миллион баланы камтуу каралып жатат.

Талибдер көзөмөлдөгөн министрликтин өкүлү Шараф Замандын айтымында, өнөктүк төрт күн уланат.

Шараф Заман жергиликтүү дин кызматкерлерин эмдөө жүргүзүп жаткан топтор менен кызматташууга чакырды.

Өлкөнүн түндүк-батышындагы ата-энелердин көбү балдарын эмдетүүдөн баш тартып келишет.

Полиомиелит адамды шал кылуучу, өлүмгө кептөөчү жугуштуу оору.

Ооганстан жана Пакистан бул оору толук жоюла элек жалгыз өлкөлөр.

Эл аралык уюмдардын колдоосу менен балдарды эмдеп жүргөн дарыгерлер тобу түрдүү кол салууга учураган, өлтүрүлгөн окуялар бул өлкөлөрдө көп катталат. (RK)

Дагы караңыз

"Согушта да балдар окушу керек". Киевде жер төлөдө сабак берген Азат Ысык-Көлдө Чехиянын 23 жаранын кар көчкү басып калып, төртөө каза болду Ысык-Көлдө 6-класстын окуучусу жанын кыйганы кабарлануудаПарламент комитети ЖМК долбоорун үчүнчү жолу караган жок