Ысык-Көлдө 6-класстын окуучусу жанын кыйганы кабарланууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдөгү Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында жашаган 6-класстын окуучусу өз жанын кыйганы кабарланды. Жергиликтүү милиция маалыматты ырастап, анын сөөгү өзү жашаган үйдөн 20-февраль күнү 11:00 чамасында табылганын билдирди. Бала мектепте түштөн кийинки нөөмөттө окуган.

Учурда баланын өлүмүнүн себеби иликтенип жатат.

Маалыматтарга ылайык, тестиер бала үйдөгү үч баланын экинчиси болгон. Апасы чет өлкөдө миграцияда, балдар атасы менен чоң энесинин кароосунда болушкан.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында, 2023-жылы Кыргызстанда 88 миңден ашуун баланын ата-энеси миграцияда жүргөнү аныкталган. Анын ичинен 701 бала соттун чечими менен мамлекеттин камкордугуна алынган. 530 балага убактылуу камкордук берилген. Жүздөн ашуун бала реабилитациялык борборлорго, интернаттарга жана фостердик үй-бүлөлөргө жайгаштырылган.

Кыргызстанда ата-энеси миграцияда жүргөн балдар зордук-зомбулукка кабылып, кээде өлүмгө дуушар болгон окуялар катталат.

ЮНИСЕФтин былтыр мартта жарыяланган изилдөөсүнүң жыйынтыгына ылайык, Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн 2,6% депрессиядан жабыркайт. Уюмдун маалымдашынча, акыркы он жылда өз жанын кыйганга аракеттенгендер 22,6% көбөйгөн.

WorldPopulation порталынын 2023-жылкы маалыматына караганда, Кыргызстанда 10 жаштан 19 жашка чейинки 1 млн 233 миң өспүрүм бар. Алардын теңинен көбү эркек балдар.(ZKo/AsK)

Дагы караңыз

Казакстанда кармалган каракалпак активисти башпаанек боюнча күбөлүк алганы кабарландыГаджетке көз карандылык: Коркунуч жана мүмкүнчүлүктөр"Мектепке үч чакырым жөө барабыз". Чакан айылдын чоң түйшүгү Бишкекте дагы 7 кичи автобус каттамы жоюлат"Жөн эле айлык алгандар бар". Театрга жаңы система керекпи?