Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин мурдагы орун басары Улан Чаначев 29-мартка чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарган.
Ага ылайык, Чаначев 29-мартка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында болот.
УКМК 21-февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында министрдин орун басары Улан Чаначевди кармаган.
24-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улан Чаначевди кызматынан бошоткон.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги анын кармалганы тууралуу комментарий бере элек.
Улан Чаначев министрликтеги санариптештирүү, эл аралык кызматташуу, укуктук камсыздоо маселелерин көзөмөлдөчү.(ZKo)
Дагы караңыз
Министр: Көк бөрү менен кыргыз күрөшүн "Көчмөндөр оюнуна" киргизүү керекБеларустагы шайлоо өттү деп жарыяланды, АКШ жана оппозиция аны "жасалма" деп баалады Кыргызстан ипотекалык батир куруу үчүн Ислам өнүктүрүү банкынан 79 млн доллар алат“Кумтөр Голд” ишканасы 2023-жылы 13,6 тонна алтын өндүрүп, планга бир аз жетпей калды Венгрияда Швециянын НАТОго мүчөлүгү боюнча чечим кабыл алынатПарламент комитети ЖМК долбоорун үчүнчү жолу караган жок