Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:21

Венгрияда Швециянын НАТОго мүчөлүгү боюнча чечим кабыл алынат


Венгрия парламенти бүгүн 26-февралда Швецияны НАТОго кабыл алуу мыйзамын ратификациялоо боюнча маселени карап, добуш берет.

Мыйзам көпчүлүктүн добушуна ээ болору, анткени жакында Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон Венгрияга барып, сүйлөшүү жүргүзүп, курал-жарак тууралуу келишимге койгону, бул Швециянын коопсуздук саясаты өзгөргөнүнүн далили экени белгиленүүдө.

Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согуш баштагандан кийин Швеция жана Финляндия ондогон жылдар бою карманып келген аскердик нейтралитет макамынан баш тартышкан.

Финляндия НАТОго 2023-жылдын апрель айында уюмдун 31-мүчөсү болуп кабыл алынган.

Венгрия НАТОнун бардык мүчөлөрү арасынан Швециянын альянска мүчө болуу өтүнүчүн ратифицкация кыла элек жалгыз өлкө. Бул үчүн расмий Будапешттин АКШ менен алакасы бузулуп, союздаштары арасында кооптонуу жараткан. (RK)

XS
SM
MD
LG