Министр: Көк бөрү менен кыргыз күрөшүн "Көчмөндөр оюнуна" киргизүү керек

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрүдөн жеңүүчү болгон Кыргызстандын улуттук курама командасы. 2-октябрь, 2022-ж. Изник, Түркия.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон көк бөрү жана кыргыз күрөш оюндарын V дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун беттештик тизмесине киргизүүгө көмөктөшүүсүн өтүндү. Министр мындай кайрылуусун 26-февралда министрликтин коллегиясында билдирди.

Анын сөзүнө караганда, бул улуттук оюндар эл аралык Көчмөндөр оюнунда мелдештен тышкары көргөзмө оюн катары гана киргизилип калган.

"Бул туура эмес деп эсептейм. Сизди бул маселени чечүүгө көмөктөшүүңүздү суранам", - деди министр.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну быйыл 8-14-сентябрь күндөрү Казакстандын борбору Астана шаарында өтөт.

Буга чейин IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөн.

Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ага чейин үч жолу Ысык-Көлдө уюштурулган. (ZKo)

Дагы караңыз

“Кумтөр Голд” ишканасы 2023-жылы 13,6 тонна алтын өндүрүп, планга бир аз жетпей калды Эмгек министрлиги: 112 баатыр эне айына 3000 сомдон жөлөкпул алатВенгрияда Швециянын НАТОго мүчөлүгү боюнча чечим кабыл алынатПарламент комитети ЖМК долбоорун үчүнчү жолу караган жокТоктогул суу сактагычында 8 млрд метр куб суу бар