Орусиянын ракеталык жана дрон чабуулдарынан бүгүн 26-февралда Украинада кеминде эки кишинин өмүрү кыйылды. Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Сумы облусунда Юнакиев кыштагына ракеталык сокку урулуп, алты үй талкаланганы, эки киши каза болгону маалымдалды.
Эртең менен Украинанын абадан коргонуу күчтөрү орус армиясы Харьков жана Днепропетровск облустарына учурган 14 Shahed учкучсуз учагынын тогузун атып түшүрүшкөнүн, мындан тышкары башкарылуучу үч Х-59 авиациялык ракетасын жок кылышканын өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Фронтто соңку суткада 95 жерде кагылышуу болгону кабарланды.
Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айтты. (RK)
Дагы караңыз
Жазуучу Олжобай Шакирдин ишин башка судья карамай болдуМаңзат сатууга тартылган улан-кыздар көбөйдүГаджетке көз карандылык: Коркунуч жана мүмкүнчүлүктөрАба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаап, күн суук болот