Токтогул суу сактагычында 8 млрд метр куб суу бар

Cуу сактагычтагы суу тартылып, мурдагы шаар калдыктары ачыкка чыгып калган. (Архивдик сүрөт)

Токтогул суу сактагычында 26-февралга карата 8 млрд 132 млн метр куб суу калды. Бул тууралуу "Электр станциялары" мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, суу сактагычка секундуна 164 метр куб суу агып кирип, кайра 778 метр куб суу агып чыгууда.

Туура эки жума мурун суу сактагычтагы суунун көлөмү 8,792 млрд метр куб эле.

Токтогул суу сактагычынын ойдуңуна 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдөгү суу акыркы жолу 2010-жылы чогулган.

Суунун тиешелүү өлчөмдөн аз топтолушу Кыргызстанда электр энергиясынын таңсыктыгына алып келет. Кыргыз өкмөтү соңку эки жылдан бери таңкыстыкты жабуу үчүн Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандан 3 млрд кВт электр тогун импорттоп келет. Быйыл ага кошумча Орусиядан да 870 млн кВттан ашуун электр кубатын импорттоду. Өзбекстан жана Казакстан менен электр энергиянын айрым бөлүгү өз ара алмашуу аркылуу соодаланат.(ZKo)

Дагы караңыз

Жазуучу Олжобай Шакирдин ишин башка судья карамай болдуМаңзат сатууга тартылган улан-кыздар көбөйдүАба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаап, күн суук болотЖол коопсуздугу боюнча башкармалыктын жетекчисинин орун басары үй камагына чыкты11 журналисттин иши: Базарбеков шектүүлөрдүн айыбы жок болсо акталарын айтты