Жол коопсуздугу боюнча башкармалыктын жетекчисинин орун басары үй камагына чыкты

Канатбек Кубатбеков.

Коррупциялык схема түзгөн деген шек менен кармалган Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбеков 2-апрелге чейин үй камагына чыкты.

Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлап, мындай бөгөт чараны тандоо өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү бергенин билдирди.

Канатбек Кубатбеков менен кошо кармалган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын техникалык бөлүмүнүн жетекчиси менен автомектептин директору 2-апрелге чейин камакка алынды.

УКМК аларды коррупциялык схема түзгөн деген шек менен 19-февралда кармаган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, алар машиналарга газ баллондук жабдууларды орнотууга уруксат сертификатын каттоодо адамдардан мыйзамсыз акча алып турушкан.

Бул окуя боюнча Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен шектүүлөр өздөрү комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Жалал-Абадда жүргүнчүнү зордуктоого шектелген айдоочу кармалдыАжылык зыяраттын наркы 3750 доллар деп чечилдиБишкекте жоголгон үч бир тууган балдар табылдыЭкс-депутат Жаныбек Бакчиевдин камактагы мөөнөтү дагы узардыСот экс-депутат Камчыбек Жолдошбаевди эки айга камакка алдыБишкекте жоголгон үч бир тууган балдар изделүүдө