Орусияда 24-февралдагы акцияларда 40тан ашык адам кармалды

Бир катар өлкөлөрдө Украинага тилектештик билдирген, Орусиянын агрессиясын айыптаган акциялар өттү.

Орусияда Украинага каршы толук масштабдуу согуштун эки жылдыгына карата жана түрмөдө каза болгон оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды эскерген акциялар өттү. Екатеринбург, Казань, Москва, Мурманск, Новосибирск, Санкт-Петербург өңдүү шаараларда көчө чыккандардын арасынан кеминде 49 адам кармалды. Бул тууралуу "ОВД-Инфо" укук коргоо долбоору кабарлады. Баарынан көп адамды, 13 жаранды полиция Москва шаарынан кармап кетти, андан кийин орунда Екатеринбург менен Уфа шаарлары турат. Кармалгандардын айрымдары административдик протокол толтурулгандан кийин кое берилгени, айрымдары бир суткага камалганы кабарланды.

Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачканына 24- февралда туура эки жыл болду. Орусиянын армиясы дээрлик күн сайын Украинанын аймагына абадан сокку уруп келет.

Кремль көптөгөн далилдерге карабастан жарандык инфратүзүмдөргө жасалган чабуулдарды четке кагып, бир гана аскердик обьектилерди бутага алганын билдирип келет. Бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда Украинага тилектештик билдирген акциялар өттү.

Согуштун эки жылдыгына карата "Чоң жетинин" лидерлери Киевди колдоп кайрылуу жолдоду. Анда алар 24-февралда согушка туура эки жыл болгон күнү украин президенти Владимир Зеленский менен жолукканы, Украинаны ара тараптан чечкиндүү колдоону улантышары жазылган.

Орусияда түрмөдө каза болгон оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын апасы Людмила 24-февралда уулунун сөөгүн алды. Бул тууралуу маркум саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш кабарлады. Ал Х соцтармактагы баракчасына Навальныйдын сөөгүн алар менен чогуу талап кылып бийликке кайрылгандардын баарына ыраазычылык билдирди жана тажыя тууралуу кийинчерек маалымат болорун жазды.

Маркумдун жесири күйөөсүнүн өлүмүн орус президенти Владимир Путинден көрүп келет. Бир катар Батыш лидерлери дагы Навальныйдын өлүмү үчүн Путин жоопкер экенин белгилешкен. .

47 жаштагы Алексей Навальный 16-февралда Ямало-Ненец автоном аймагындагы түрмөдө каза болгону кабарланган. 20-февралда Людмила Навальная Путинге жасаган видеокайрылуусунда уулунун сөөгүн кайтарып берүүнү талап кылган. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков сөөктү өткөрүп берүү маселеси расмий Москванын “иши эмес экенин” айткан.

Дагы караңыз

“Чоң жетинин” лидерлери Украинаны колдогон кайрылуу жолдоду Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюуну тескеген мыйзамга кол коюлду Парламентте баатыр энелердин жөлөк пулун көбөйтүү маселеси каралат ЖК: Бюджет комитети талаштуу ЖМК мыйзам долбоорун карайтКира Ярмыш Навальныйдын сөөгү анын апасына берилгенин билдирди