Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

“Чоң жетинин” лидерлери Украинаны колдогон кайрылуу жолдоду


24-феврлада Киевге Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен баштаган Батыш лидерлери келген.
24-феврлада Киевге Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен баштаган Батыш лидерлери келген.

Орусиянын Украинага каршы согуш ачканынын эки жылдыгына карата "Чоң жетинин" лидерлери Киевди колдоп кайрылуу жолдоду. Анда алар 24-февралда согушка туура эки жыл болгон күнү украин президенти Владимир Зеленский менен жолукканы, Украинаны ара тараптан чечкиндүү колдоону улантышары жазылган.

“Украин эли эки жылдан бери Орусиянын мыйзамсыз, эч нерсе менен актагыс толук масштабдуу кол салуусуна каршы туруп келди. Алар президент Путиндин аскердик машинасынын жеңүүгө, эгемендигин жана көз карандысыздыгын сактоого, аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүүгө эрки жетерин көрсөттү. Путин Украинаны багынтуу максатына жеткен жок. Биз Орусиядан чукул арада агрессивдүү согушун токтотуп, Украинанын эл аралык коомчулук тааныган аймагынан аскерлеринин баарын эч кандай шартсыз чыгарып кетишини талап кылабыз,-деп жазылган кайрылууда.

"Чоң жетиге" Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония жана АКШ мүчө.

Согуштун эки жылдыгына карата 24-февралда Киевге Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен баштаган Батыш лидерлери келген.

Мунун алдында, 23-февралда АКШ президенти Жо Байден Орусияга каршы санкциялардын жаңы айлампасы киргизилгенин жарыялаган. Анда 500дөй жаңы чектөө Кремлдин келишкис сынчысы Алексей Навальныйдын өлүмү, Украинадагы согушка байланыштуу кабыл алынганын билдирген.

Бул күнү Евробиримдик дагы Украинадагы согуштун эки жылдыгын утурлай Орусияга каршы санкциялардын 13-айлампасын жарыялаган.

Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачканына 24- февралда туура эки жыл болду. Орусиянын армиясы дээрлик күн сайын Украинанын аймагына абадан сокку уруп келет.

Кремль көптөгөн далилдерге карабастан жарандык инфратүзүмдөргө жасалган чабуулдарды четке кагып, бир гана аскердик обьектилерди бутага алганын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG