УКМК камаган министрдин орун басары иштен алынды

Шектүүнүн УКМК тараткан сүрөтү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Улан Чаначев кызматтан алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

22-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) министрдин орун басары Улан Чаначев мамлекеттик сатып алуулар боюнча кармалганын кабарлаган. Шектүү атайын кызматтын тергөө абагына камалды.

“Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталды”, - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Учурда министрдин орун басарына карата “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Учурда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жетекчилеринин бири кармалганы тууралуу комментарий бере элек. Шектүү Чаначевдин жакындары же адвокатына байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Улан Чаначев министрликтеги санариптештирүү, эл аралык кызматташуу, укуктук камсыздоо маселелерин көзөмөлдөчү. (TSh)

Дагы караңыз

Президент аскерге аялдар да салым кошуп жатканын белгиледи