Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:13

Президент аскерге аялдар да салым кошуп жатканын белгиледи


Кыргызстандык мекен коргоочулар арасында аялдар да бар. 2017-жылы тартылган сүрөт.
Кыргызстандык мекен коргоочулар арасында аялдар да бар. 2017-жылы тартылган сүрөт.

Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү белгиленүүдө. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды куттуктап, армиянын күжүрмөн даярдыгы жакшырып жатканын, “ааламдашуу доорундагы ар кандай аңдоосуз чакырыктар менен коркунучтарга баарыбыз даяр болушубуз шарт” деди.

Президент Жапаров аскерде кызмат өтөгөн аялдар дагы арбын экенин белгиледи.

“Аскерде кызмат кылып, армиянын жашоосуна баш-оту менен кирип, бардык кыйынчылыктарын кабагым-кашым дебей, берген антын бекем туткан аялзатынын өкүлдөрү арбын. Ошондуктан жалпы Мекен коргоочуларын бүгүнкү майрамы менен чын дилимден куттуктайм”, - деди президент.

Кыргызстандын бардык аймактарында ушул аптада Мекенди коргоочулар күнүнө байланыштуу иш-чаралар өткөрүлдү.

23-февраль - Совет доорунда Кызыл армиянын негизделген күнү катары майрамдалып келген. Кыргызстан эгемендик алган жылдардын башында бул күн майрамдардын тизмесинен чыгарылган. 2003-жылдан тарта кайрадан жылнаамада кызыл менен белгилене баштаган.

Кыргызстанда 29-май - Куралдуу күчтөрдүн күнү катары белгиленет. (TSh)

XS
SM
MD
LG