Абыкеев Кызыл-Омполду иштетүү демилгесине комментарий берди

Чолпонбек Абыкеев.

Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев бийликтин Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенин иштетүү демилгеси тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди.

Ал “кен дароо эле иштетилип кетет” деген сөз туура эмес экенин, биринчи кен жайгашкан жерде геологиялык чалгындоо иштери болуп анан чечим кабыл алына турганын айтты. 2019-жылы ошол кездеги бийликтин Кызыл-Омполду иштетүүсүнө эмнеге каршы чыкканы тууралуу да суроого жооп берди.

“2019-жылы кенди менчик компания иштетмек. Чет жактан келген ишкана өзүнүн кызыкчылыгын биринчи орунга коёт. Ал учурда каршы чыкканыбызды мен бүгүн да туура болгон деп эсептейм. Экинчиден, биз ошондо барганда алар “бассейн курабыз. Кендин калдыктары болот” дешкен. Мындайча айтканда, аз акча коротуп кенди алуу жолуна өтүп алган компания болчу. Үчүнчүдөн, чындыгында элге деле толук маалымат берилген эмес. Тескерисинче туура эмес маалыматтар өтө көп тарап кеткен. Ошондо эл каршы чыккан. Алардын арасында мен да бар болчумун. Лицензия жеке ишканадан алынып, мамлекетке өткөнү туура болгон. Бүгүнкү күндө кенди иштетүү жоопкерчилигин мамлекет алып атат. Демек, жоопкерчилик да чоң. Азыр иш баштала элек. Президент да “биринчи изилдөө иштерин жүргүзөбүз” деп түшүнүктүү айтты”, - деди ал.

2019-жылы Чолпонбек Абыкеев Кызыл-Омпол кенин иштетүүгө каршы акциялардын бирине катышып, “уран казыла баштаса Кыргызстанга туристтер келбей каларын, урандын кесепети табиятка, адамдарга да тие турганын” айткан.

Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан. Мамлекет башчы кен иштей баштаса 1000ден ашык жумушчу оруну түзүлөрүн билдирген.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кызыл-Омполдо болжол менен 14 млн 757 миң тонна кен бар. Анын ичинен 95% титаномагнетит, 3% фосфор, 2% цирконий, 0,22% тория жана 0,17% уран.

2019-жылдын декабрь айында өлкөдө уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Ошол эле жылдын жазында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундай эле акциялар Бишкекте да болгон.

Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын лицензиясын токтоткон. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкек шаардык соту Адахан Мадумаровду абакта калтырдыИйгиликтүү иш баштоого үйрөткөн бестселлер кыргыз тилинде чыктыМинистр Ак-Сууда кар жиреп мектепке барган мугалимдерге ыраазылык билдирди Министрдин орун басары мамлекеттик сатып алуулар боюнча кармалдыTransparency International “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын кабыл албоого чакырды Парламент “чет элдик өкүл” мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алдыДепутат Эрбаев “чет элдик өкүл” долбооруна автор болуудан баш тартты