Ийгиликтүү иш баштоого үйрөткөн бестселлер кыргыз тилинде чыкты

“Биз мындай кылбайбыз!” бизнес-романы.

Гарвард бизнес мектебинин профессору, ишкерлерге арналган бир нече эмгектин автору Жон Коттердин жана Холгер Ратгебердин “Биз мындай кылбайбыз!” бизнес-романы кыргызчага которулду.

Китепте уюмдар кантип түптөлүп, ийгиликке жетип, кыйрап жана кайра көтөрүлө турганы баяндалган. Узак мөөнөттүү ийгиликке жетүү жолдору жана аны кантип камсыздоо керектиги сурикаттардын (сүт эмүүчүлөр түркүмүндөгү жаныбар) мисалында берилген.

Китептен окурман коркунучтардан кантип сактанууну, мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланууну, баарыбыз үчүн баалуу иштерди кантип жүзөгө ашырууну үйрөнө алат.

Бизнесмендерге, менежерлерге, уюм жетекчилерине сунушталган китепти Айнуру Булекбаева которуп, “Китепстан” басма үйүндө жарык көрдү. Аталган басма үйүнүн жетекчиси Бакытбек Абдуллаевдин билдиришинче, китепти кыргызчалоого ишкер Жодар Сайдилкан колдоо көрсөткөн.

Китеп жаатында ишкерлик кылгандар соңку жылдары кыргыз окурмандары шык берүүчү жана бизнес кылууну үйрөткөн эмгектерге кызыга баштаганын белгилешет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында кыргызстандыктар 2015-жылы жумасына бир китеп окууга орточо 1,5 саат коротсо, 2021-жылы бул көрсөткүч 40 мүнөттү түзгөн. 2022-жылы өлкөдө басып чыгарылган китептердин жылдык нускасы 1,6 миллионго жетип, миң кишиге 250 китеп туура келген.

Дагы караңыз

Министр Ак-Сууда кар жиреп мектепке барган мугалимдерге ыраазылык билдирди Министрдин орун басары мамлекеттик сатып алуулар боюнча кармалдыTransparency International “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын кабыл албоого чакырды