УКМК медайымга кол көтөргөн аял кармалганын билдирди

УКМК тараткан шектүүнүн сүрөтү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектеги Улуттук госпиталдын кызматкерине кол көтөрдү деген шек менен аял кармалып, тергөө абагына киргизилгенин билдирди. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (“Бейбаштык") боюнча иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

“Тергөө жүрүшүндө ушул жылдын 19-февралында медайым С.А. оор абалдагы бейтапты таңуу процедурасын жүргүзүү үчүн Б.А.дан палатадан чыгып кетүүнү суранган, бирок акыркы эскертүүгө карабастан Б.А. терс мамиле жасап, кош бойлуу С.А.ны себепсиз сабаганы аныкталган”, - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Улуттук госпиталдын медайымы боюнан козголуп ооруканага жаткырылган.

Буга чейин Медайымдар ассоциациясы бул окуя боюнча УКМКга кайрылышкан. Атайын кызмат медицина кызматкерлерине кол салууга жол берилбестигин жана мыйзам чегинде чара көрүлөрүн белгилейт.

20-февралда Бишкектеги Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов видеокайрылуу жасап, травматология бөлүмүнүн медайымы бейтаптын тууганынан запкы көрүп, ооруканада жатканын айткан.

Кыргызстандагы эң чоң оорукана деп эсептелген Улуттук госпитал 1200 бейтапка ылайыкталган. Ал жерде 1700 медкызматкер иштейт.

Февралдын башында Ош облустук психиатрия жана наркология борборунун дарыгерлерин бейтаптын жакындары сабаган. Ак халатчандарды урду деп айыпталган жаранды милиция кармап, кийин ал үй камагына чыккан.

Ушундай эле окуя ага чейин Бишкекте да болуп, медкызматкерлер менен бейтаптардын мамилеси талкууга түшкөн. Былтыр сентябрда Кара-Суу районунда "Тез жардамдын" догдурлары кол салууга кабылган. (TSh)

Дагы караңыз

Кылмыш тобу Жалал-Абаддагы абактан 6,5 миллион сом жыйнаган