Ошто баласына сыра ичире турганын айткан келин кармалды

Кармалган келин кызы менен.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Tik Tok социалдык тармагында баласынын өмүрүнө коркунуч келтирип, сыра ичире турганын айткан 29 жаштагы келин кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ал Сүлүктү шаарынын тургуну (Ж.Г.) экени, Ош шаарына 17-февралда тааныштарынын үйүнө келгени такталган. Келин Tik Tok түйүнүндө түз эфирден кызына жасаган мамилесин “күйөөсүн коркутуу үчүн кылганын” айтып берген.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү кармалган келиндин аракетине юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүп бергени кабарланды.

19-февралда Tik Tok'то келин түз эфирге чыгып, азык-түлүк алууга чамасы жетпей жатканын, катталуучулар анын эсебине акча которбосо, наристесине сыра ичире турганын айткан видео тараган.

Кыргызстанда буга чейин да балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн чуулуу окуялар болгон. Ошто эгиз кыздарын сабаган деп шек саналып жаткан келин 7-февралда энелик укуктан ажыратылган. (BTo)

Дагы караңыз

Чүйдө жер мунапысы боюнча 40 миңден ашык арыз түштү HRW уюму Кыргызстандагы адам укугу боюнча абалга тынчсыздануусун билдирдиМинистрлик ЖЭБдеги жылуулук берүү жогорулай баштарын билдирди Өкмөттө менчик клиникаларды текшерүү үчүн жумушчу топ түзүлдүСадыр Жапаров Татарстанда Владимир Путин менен жолугатRUSI: жаңыланган "вагнерчилер" Африка менен Жакынкы Чыгышта Москванын таасирин күчөтүүдө